8
Главная » Дүйнө

 Кыргызстан менен Түрмөнстандын мамлекеттер аралык көп жылдык келишимдерине карабай, көпчүлүк суроолор чечилбеген бойдон калууда. Алсак, түркмөн ишкерлери кыргыз Жогорку окуу жайларынын дипломдоруна ишеним бере албай келе жатат. Буга 5 жылдын жүзү толуп калды. Түркмөндөрдүн Кыргызстанда билим алуусуна жашыруун тыюу салуу аракети 2009-жылда башталган. Ушул эле жылы 200 дөн ашуун студент жайкы каникулдан кийин Кыргызстанга кайтып келбей, окуусун уланта албай калган. Мындан жарым жыл өтпөй ал студенттер АКШнын Болгариядагы университетине жана Санкт-Петербургдагы окуу жайларга жайгаштырылган. Ошондон тарта кыргыз ЖОЖдоруна тапшырган түркмөндөрдүн саны кескин азайып, 2012-жылдагы окуу жылында 66 студент ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 645 | Дата: 06.09.2015 | Комментарии (0)

"Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобуна каршы күрөшүү аскердик коалициясына Орусиянын катышары тууралуу айтуу али эрте. Мындай пикирин Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди. "Муну жасай аларыбыз тууралуу айтуу азыр эртелик кылат. Бирок, биз Сирияга техника, аскер кызматкерлерин даярдоо жагынан олуттуу жардам бере алабыз",-деди ал. Анын айтымында, АКШнын "Ислам мамлекетине" каршы жасап жаткан аракетинин эффективдүүлүгү өтө жогору эмес. Эскерте кетсек, аталган террордук топ көптөгөн мамлекеттер менен катар Орусияда да террордук уюм катары кабылданган. 

Кошумча: 20-августта Босфордо Орусияга таандык десанттык оор "Тапир" классындагы корабль байкалган. Айры ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 542 | Дата: 05.09.2015 | Комментарии (0)

1945-жылдын августунун аяк чени, Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктаган маал. Тагыраак айтканда, мындан 70 жыл мурда СССР Курилдеги талаштуу төрт аралды ээлеп алган. Өз учурунда Сталин “ушул убакыттан баштап Куриль аралдары Советтер Союзун океан менен түзмө-түз байланыштыруучу аймак болот" деп айткан. Ал окуядан бери арадан 70 жыл убакыт өттү. Бирок Москва менен Токио расмий тынчтык келишимине азыркыга чейин кол коё албай келе жатышат. Жапония Курилдеги төрт аралды өзүнүн түндүк аймагы катары эсептейт. Антсе да аралдардын абалы 1990-2000-жылдардан бери начарлап, унутта калып, аскерлер да, чек ара кызматкерлери да аны таштап кеткен. Ал эми туруктуу эл түштүк (Кунашир жана Итируп) жана түндүк ( Парамишир жана Ш ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 875 | Дата: 05.09.2015 | Комментарии (0)

 Япония Пан Ги Мундун Кытайдагы аскердик парадка баргандыгын туура эмес деп баалады. Тагыраак айтканда, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун Кытайдагы Экинчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына арналган аскердик парадка катышуусу Япониянын сынына кабылтты. Бул тууралуу Япониянын баш катчысы Ёсихидэ Суга да өзүнүн расмий позициясын билдирген. “Тарыхтын бөлүнгөн этабынын ар бирине өзгөчө көңүл буруу туура эмес жана БУУ ар дайым нейтралдуу тарапта болуусу шарт. Жободо жазылгандай, БУУнун максаты - адамдарды тынчтыкка бириктирүү. Ал эми Пан Ги Мундун парадка катышкандыгы жана өз сөзүндө Кытайдын аскердик бөлүгүнүн күчтөнүүсүн колдойт экендиги максатка дал келбейт",-деди ал.

Эске салсак, кеч ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 592 | Дата: 04.09.2015 | Комментарии (0)

АКШнын Виржиния штатындагы Манассас шаарчасынын 17-жаштагы тургуну Али Шукри Амин 11 жылга эркинен ажыратылды. Ага “Ислам мамлекети” террордук тобуна жардам берген деген айып тагылган. Соттун чечимине ылайык, ал камактан чыккандан кийин да өмүр бою полициянын көзөмөлүндө болот.

Иликтөөлөрдүн негизинде, Амин интернеттеги террордук топтун тарапкерлерине каржылык көмөк көрсөткөн жана социалдык тармактар аркылуу виртуалдык Bitcoin валютасын колдонуу ыкмаларын үйрөткөндүгү үчүн июнь айында ал күнөөлүү деп табылган эле. Амин экстремисттерге материалдык колдоо көрсөткөн эң жаш америкалык болуп саналат.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 680 | Дата: 29.08.2015 | Комментарии (0)

АКШнын Хьюстон шаарында 5 эм ымыркай төрөлдү. Мындай жаңылык АКШда биринчи ирет болуп жатат. Ымыркайларга Оливия Мэри, Ава Лэйн, Хэйзел Грэйс, Паркер Кейт жана Райли Пейж деп жуп ысымдарды коюшту. Үй-бүлөнүн буга чейин 4 жаштагы кызы бар жана ымыркайлардын баары тең жакшы өрчүгөнүн айтышат дарыгерлер. 

Кошумча: Дүйнөдө алгачкы ирет 5 эм ымыркайлар 1969-жылы төрөлгөн, бирок каза болушкан эле. Учурда ар жыл сайын 5 эгиздер төрөлгөн 150 учур катталат. 

Категория: Дүйнө | Просмотров: 742 | Дата: 18.04.2015 | Комментарии (0)

Орусияда 15,7 млндон да көп киши жеткен чектеги кедейликте калышы ыктымал. Бул жагымсыз сандарды вице-премьер-министр Ольга Голодец жарыялады. "Бүгүнкү күнү Орусияда 15,7 млн киши өтө кедейликте жашайт. Бул үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү көп балалуулар. Мындай кырдаалды карап чыгып, бул көйгөйдү жоюу үчүн үй-бүлөгө көп көңүл буруу керек деген чечимдемин",-деди ал. Энелердин көпчүлүгү жумушсуз, алардын балдары 3 жашка чейинкилер. Ушул эле жылы 300 орус жаран кедейликте жашап калган. Анткени алардын бир айлык акысы 7 миң 915 рублду түзөт.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 765 | Дата: 26.11.2014 | Комментарии (0)

 АКШнын Миссури штатынын бийлиги Фергюсон шаарына кошумча күч жиберүүнү чечти. Алар тополоңду басууга жана тынчтыкты калыпка келтирүүгө салым кошушмакчы. Аталган штаттын губернатору Джей Никсондун айтымында, эми штаттын коопсуздугун АКШнын улуттук гвардиясынын 2200 жоокери камсыздайт.

Кошумча: Ушул жылдын август айында 18 жашар Майкл Браундун полиция тарабынан атып өлтүрүлүшү көптөгөн нараазычылыктарды жаратты. Анткени аталган кырдаал боюнча ачылган кылмыш иши соттордун полицияны актоосу менен аяктады. Кечээ, 25-ноябрь күнү Фергюсон штатындагы митингден 29 киши камакка алынды. Ошондой эле бир полиция кызматкерине ок тийгендиги айтылууда. Кечээ нараазычылык акциялары Нью-Йорк, Вашингтон жана башка ир ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 702 | Дата: 26.11.2014 | Комментарии (0)

Түркиянын президенти Тайип Эрдогандын айтымында, аял менен эркектин ортосунда теңдик болбойт. "Аял менен эркекти бир деңгээлге коюу мүмкүн эмес. Бул табигый эмес көрүнүш. Аялзаты - эне, анын балдары бар же кош бойлуу учуру болот. Ал короосундагы картөшкөнү казышы мүмкүн эмес",-деди ал аялдардын укугун коргоо тууралуу маалымат жыйынында. Түрк өлкө башчысынын ою боюнча динде аял-эркектин деңгээли эң туура берилген жана аялдарга эркектер менен тең укуктуулук эмес, жөн гана эркектер менен бир катардагы урмат-сый керек.

Буга чейин президент түрк аялдары кеминде 3тү төрөшү керектигин айткан эле. Ошондой эле төрөт учурундагы операцияга жана абортко каршы экендигин билдирген.

Кошумча: ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 882 | Дата: 25.11.2014 | Комментарии (0)

Президент Петр Порошенко 13-ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, мындан ары 21-ноябрда “Ар-намыс жана Эркиндик” күнү майрамдалмакчы. Ошол кездеги мамлекет башчы Виктор Янукович Евробиримдик менен келишимден баш тартып, Орусия менен жакындашуу багытын алгандан кийин бир жыл мурун ошол күнү Киевдин борборуна адегенде чакан топ чогулган. Бир эле түндүн ичинде аянт он миңдеген кишиге толгондо полиция аларды союл, жаш агызчу газ менен таркаткан. Бара-бара Януковичтин кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар жаңырып, президент февралда өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Полиция менен демонстранттардын кагылышууларында 100дөн көп киши набыт болгон.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 657 | Дата: 21.11.2014 | Комментарии (0)

БУУнун адам укуктарын коргоо уюмунун билдиришинче, Украинанын чыгышында акыркы айда эле 700 киши каза тапты. Бул тынчтык келишимине кол коюлгандан берки гана көрүнүш. Анын ичинен 84тү аялдар. "Ок чыгарбоо келишимине кол коюлган 6-сентябрдан 31-октябрга чейин орточо эсеп менен 718 киши каза тапкан. Эң аз дегенде бомбалоонун натыйжасында 84 аял көз жумган. Ал эми 9-сентябрь жана 28-октябрь аралыгында жаш балдардын өлүмү кескин өскөн. Жалпы эсепте алардын өлүмү 28%ке көбөйгөн",-дейт уюмдун мүчөлөрү.
Категория: Дүйнө | Просмотров: 615 | Дата: 20.11.2014 | Комментарии (0)

Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 7-октябрда туулган күнүн Сибирден белгилейт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков, орусиялык журналисттерге билдирди. Президент туулган күнүндө эмне менен алектенери тууралуу суроого Песков “Сибирь тайгасында эс алат, кимдер менен чогуу болорун билбейм. Бул күнгө эч кандай расмий же жумуштук жолугушуулар пландалган эмес” деп жооп берди. Орусия лидеринин иш тартиби быйыл өтө оор болгонун кошумчалайт басма сөз катчы. “Мурунку жылы анын туулган күнү ар кандай жумуштук жолугушуулар менен болгон. Быйыл Путиндин жумушу өтө оор болду. Күнү-түнү иштеп, көп иш сапарларда болду”,- дейт ал. Песковдун айтымында, президент өздүк майрамын ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 696 | Дата: 07.10.2014 | Комментарии (0)

« 1 2