8
Главная » 2015 » Август » 29 » АКШ. "Ислам мамлекети" тобуна жардам берген 17 жаштагы жаранды 11 жылга эркинен ажыратты
16:59
АКШ. "Ислам мамлекети" тобуна жардам берген 17 жаштагы жаранды 11 жылга эркинен ажыратты

АКШнын Виржиния штатындагы Манассас шаарчасынын 17-жаштагы тургуну Али Шукри Амин 11 жылга эркинен ажыратылды. Ага “Ислам мамлекети” террордук тобуна жардам берген деген айып тагылган. Соттун чечимине ылайык, ал камактан чыккандан кийин да өмүр бою полициянын көзөмөлүндө болот.

Иликтөөлөрдүн негизинде, Амин интернеттеги террордук топтун тарапкерлерине каржылык көмөк көрсөткөн жана социалдык тармактар аркылуу виртуалдык Bitcoin валютасын колдонуу ыкмаларын үйрөткөндүгү үчүн июнь айында ал күнөөлүү деп табылган эле. Амин экстремисттерге материалдык колдоо көрсөткөн эң жаш америкалык болуп саналат.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 679 | Добавил: VIP | Теги: ислам, Америка., терроризм | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }