8
Главная » 2014 » Ноябрь » 20 » Тынчтык келишимине кол коюлгандан бери Донбасста 700 киши каза тапты
22:26
Тынчтык келишимине кол коюлгандан бери Донбасста 700 киши каза тапты
БУУнун адам укуктарын коргоо уюмунун билдиришинче, Украинанын чыгышында акыркы айда эле 700 киши каза тапты. Бул тынчтык келишимине кол коюлгандан берки гана көрүнүш. Анын ичинен 84тү аялдар. "Ок чыгарбоо келишимине кол коюлган 6-сентябрдан 31-октябрга чейин орточо эсеп менен 718 киши каза тапкан. Эң аз дегенде бомбалоонун натыйжасында 84 аял көз жумган. Ал эми 9-сентябрь жана 28-октябрь аралыгында жаш балдардын өлүмү кескин өскөн. Жалпы эсепте алардын өлүмү 28%ке көбөйгөн",-дейт уюмдун мүчөлөрү.
Категория: Дүйнө | Просмотров: 614 | Добавил: VIP | Теги: Украина, Буу, Донецк | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }