8
Главная » 2014 » Октябрь » 7 » Орусия. Путин бүгүн туулган күнүн Сибирде белгилейт
14:48
Орусия. Путин бүгүн туулган күнүн Сибирде белгилейт

Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 7-октябрда туулган күнүн Сибирден белгилейт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков, орусиялык журналисттерге билдирди. Президент туулган күнүндө эмне менен алектенери тууралуу суроого Песков “Сибирь тайгасында эс алат, кимдер менен чогуу болорун билбейм. Бул күнгө эч кандай расмий же жумуштук жолугушуулар пландалган эмес” деп жооп берди. Орусия лидеринин иш тартиби быйыл өтө оор болгонун кошумчалайт басма сөз катчы. “Мурунку жылы анын туулган күнү ар кандай жумуштук жолугушуулар менен болгон. Быйыл Путиндин жумушу өтө оор болду. Күнү-түнү иштеп, көп иш сапарларда болду”,- дейт ал. Песковдун айтымында, президент өздүк майрамынан кийин, 8-октябрда Сибирде бир катар жолугушууларды өткөрөт. Белгилей кетсек, Владимир Путин бүгүн, 7-октябрда 62 жашка толду.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 695 | Добавил: VIP | Теги: Путин 62 лет | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }