8
Главная » 2015 » Сентябрь » 5 » Москва менен Токионун талашында калган Куриль аралдары
12:48
Москва менен Токионун талашында калган Куриль аралдары

1945-жылдын августунун аяк чени, Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктаган маал. Тагыраак айтканда, мындан 70 жыл мурда СССР Курилдеги талаштуу төрт аралды ээлеп алган. Өз учурунда Сталин “ушул убакыттан баштап Куриль аралдары Советтер Союзун океан менен түзмө-түз байланыштыруучу аймак болот" деп айткан. Ал окуядан бери арадан 70 жыл убакыт өттү. Бирок Москва менен Токио расмий тынчтык келишимине азыркыга чейин кол коё албай келе жатышат. Жапония Курилдеги төрт аралды өзүнүн түндүк аймагы катары эсептейт. Антсе да аралдардын абалы 1990-2000-жылдардан бери начарлап, унутта калып, аскерлер да, чек ара кызматкерлери да аны таштап кеткен. Ал эми туруктуу эл түштүк (Кунашир жана Итируп) жана түндүк ( Парамишир жана Шумшу) аралдарында отурукташып калышкан.

 

 

 

 

 

Итируп - Куриль аралдарынын түштүк аймагындагы калкы жыш, көп жайгашкан арал. Ал эки өлкөнүн талашында болгондуктан, Жапония биргелешкен кызматташуууга гана эмес жергиликтүү калк менен жеке инвесторлордун кызматташуусуна да тыюу салган. 

 

Итируптун түндүк тарабындагы Славная жана Глушь көлдөрүнүн жээгинде аюулар кадимкидей жашап келишет. Алар бамбуктар арасында күн көрүп, балыктар менен азыктанышат.

Курилде жалпы 56 арал бар. Алардын эң чоңу Итуруп. Көпчүлүк аралдары кыйроого учурап, унутта калган. Андан эскирген унааларды жана бузулган үйлөрдү учуратууга болот.

Уруп аралы. Мурда, тагыраак айтканда 1760-1806-жылдары Александра аралы деген ат менен белгилүү болгон.

 

 

Чирпой - Дүйнө боюнча "Черные братья" группасындагы эң чоң арал. Анда активдешип кетиши мүмкүн 2 вулкан бар.

 

 

Онекотан - Курилдин бермети. Аны изилдөөчүлөр вулкандуу кара пляж деп коюшат.

 

Харимкотан да вулкан чыгып турган күл каптаган арал. Анда суукка үшүп турган чакта вулкан аралаган тоонун үстүнө жатып, кадимкидей жылуулук алууга болот жана нымдашкан суу кийимдерди жайып кургатуу мүмкүн.

 

Ал эми Парамушир Курильдин түндүк тарабында жайгашкан, туруктуу калкы бар.

Эсиңиздерге салсак, август айынын аяк ченинде Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Курил аралдарына, тагырак айтканда Итуруп аралына иш сапары менен барган. Бул сапар япон бийлигинин нааразычылыгын пайда кылып, ал тургай Япониянын Тышкы иштер министри Фумио Кисида Орусия элчисине расмий маалымдаган. Бул нааразычылыктарга жооп катары орус бийлиги Япониянын Куриль аралдарына иш сапары менен баруусу улана берерин билдирген эле. 

Категория: Дүйнө | Просмотров: 870 | Добавил: VIP | Теги: токио, Москва | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }