8
Главная » Кырсык

Түркияда ушул жылдын 10-октябрында болгон жардырууда каза болгондордун жакындарына өкмөт өмүр бою пособие төлөп берет. Компенсациянын жалпы суммасы 29 миң 79 түрк лирине барабар болуп, ал 99 бүлөгө ыйгарылат. Мындан тышкары каза тапкандардын жакындарына ай сайын 789 лир өлчөмүндө кошумча пособие берип турулат. Ал эми жараат алгандардын үй-бүлөсүнө жаракатына карап, ай сайын 473 лирден 789 лирге чейин пособие төлөнмөкчү.

Эскерте кетсек, 10-октябрда Түркиянын борбордук аянтында чоң жардыруу жүз берген. Анда каза тапкандардын саны бүгүнкү күнү 102 кишиге жетсе, жабыркагандар 89. Түрк бийлиги мунун артында ИЛИМ (Ирак, Левант өлкөлөрүнүн Ислам Мамлекети) турат деп эсептейт. 

Категория: Кырсык | Просмотров: 2182 | Дата: 18.10.2015 | Комментарии (0)

 

Ички иштер министрлигинен расмий алынган маалыматка караганда, абактан качкандарды кармоо учурунда кылмышкер Данияр Кадыралиев бычак менен милиция кызматкерлерине кол салган. Натыйжада милиция ок ачып, аны өлтүргөн.

Маалыматка ылайык, кечээ түндө абактан качкандардын экөө Данияр Кадыралиев менен Азамат Мүсүралиев “Дордой” базары жакта жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Атайын топ түнү бою аймакта издөө иштерин жүргүздү. Эртең менен “Дордой-1” жаңы конушундагы издөө учурунда Данияр Кадыралиев милицияга куралдуу каршылык көрсөтүп, милиция ок чыгарууга аргасыз болгон. Маалымат боюнча Кадыралиевге үч ок тийип, өлгөн. Азамат Мүсүралиев качып кетүүгө жетишкен. Учурда аны и ... Толугу менен окуу »

Категория: Кырсык | Просмотров: 2434 | Дата: 18.10.2015 | Комментарии (0)

ӨКМдин билдиргенине караганда, кичиавтобус Бишкектен Түштүк Казакстан аймагына сапар алып, ичинде айдоочу менен 3 баланы кошкондо 19 адам болгон.

Жекшемби күнү эртең менен ири жол кырсыгынан кыргызстандык 14 адам курман болуп, бир тобу күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлайт. 

Кырсык Жамбыл облусуна караштуу Моюнкум аймагында Алматы — Екатеринбург унаа жолунун 487-чакырымында болгон. «Газель-2705» жүк машинасы менен «Мерседес-Бенц Спринтер» кичиавтобус кагышып кеткен. 


ӨКМдин билдиргенине караганда, кичиавтобус Бишкектен Түштүк Казакстан дубанына сапар алып, ичинде ай ... Толугу менен окуу »

Категория: Кырсык | Просмотров: 842 | Дата: 21.04.2015 | Комментарии (0)