8
Главная » 2015 » Сентябрь » 6 » Түркмөнстандагы көпчүлүк ишканалар Кыргызстандын дипломдоруна ишенбейт
09:38
Түркмөнстандагы көпчүлүк ишканалар Кыргызстандын дипломдоруна ишенбейт

 Кыргызстан менен Түрмөнстандын мамлекеттер аралык көп жылдык келишимдерине карабай, көпчүлүк суроолор чечилбеген бойдон калууда. Алсак, түркмөн ишкерлери кыргыз Жогорку окуу жайларынын дипломдоруна ишеним бере албай келе жатат. Буга 5 жылдын жүзү толуп калды. Түркмөндөрдүн Кыргызстанда билим алуусуна жашыруун тыюу салуу аракети 2009-жылда башталган. Ушул эле жылы 200 дөн ашуун студент жайкы каникулдан кийин Кыргызстанга кайтып келбей, окуусун уланта албай калган. Мындан жарым жыл өтпөй ал студенттер АКШнын Болгариядагы университетине жана Санкт-Петербургдагы окуу жайларга жайгаштырылган. Ошондон тарта кыргыз ЖОЖдоруна тапшырган түркмөндөрдүн саны кескин азайып, 2012-жылдагы окуу жылында 66 студенттин 7си гана дипломун ала алган. Акыркы 2 жылда түркмөн студенттеринин аягы таптакыр тыйылган. 

Эскерте кетсек, Кыргызстанда билим алган чет элдик студенттерге контрактык негиздеги төлөмдөр жергиликтүү студенттерден кымбатырак болот. 2015-2016-жылдын окуу жылында чет элдик студенттердин окуу төлөмү 700-800 АКШ долларынан 1000 доллардан жогору баага чейин көтөрүлгөн. Мындан улам кыргыз ЖОЖдорунун кымбатташы жана түркмөн ишкерлеринин кыргыз дипломдоруна төмөн баа берүүсү чет элдик студенттердин келишин азайтты дешет серепчилер.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 648 | Добавил: VIP | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }