8
Главная » Кыргызстан

Биздин мекенибизди коргоп жаткан эр азамат жигиттер, бүгүн 23-февраль ата мекендин сакчыларынын майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз. Чын ден-соолук, узун өмүр жана дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайбыз. Силер бар үчүн биз бээкапар уктайбыз. Чоң рахмат!

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 4316 | Дата: 23.02.2017 | Комментарии (0)

"Ала-Тоо" аянтына орнотулган жаңы жылдык башкы балатыга түркүн оюнчуктар илинип, улуттук орнаменттер түшүрүлүп кооздолуп жатат. 

Балатыдан сырткары борбордук аянттагы фонтандарга жер шары сымал тоголок формалар орнотулуп, аларга ири кар бүртүкчөлөрүнө окшогон оюнчуктар чапталган. Ал эми булардын арасына узундугу үч метрге чукул Аяз ата орнотулду. Аларга ичке электр зымдары өткөрүлгөндүктөн, кечинде алар күйүп турат. 

Жаңы жылдык балатынын оттору 19-декабрда жанат. Азырынча мэрия балатыны кандай кооздой турганын сыр боюнча калтырган. Жаңы жылдык балатынын бийиктиги 22 метрди түзүп, 4-декабрдан тарта жасалгалана башталган.

Былтыркы жылы да балаты 19-декабрда коюлган. Анын бийиктиги 25 метрди түзүп, диаметри 12 метрге ... Толугу менен окуу »

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 2608 | Дата: 15.12.2016 | Комментарии (1)

Урматтуу бир туугандар, туп-туура 25жыл мурун Кыргыз жери, эли эгемендүү калк, мамлекет деген наамга ээ болгон. 25 жыл аралыгында канчаган кайгылуу окуялар болуп өттү. Бирок, Кыргыз эли бул окуяларга карабай алдыга карай өнүгүп барат! Биз өз сайтыбыздын атынан эгемендүүлүк күну менен чын дилибизден куттуктайбыз!

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 2761 | Дата: 31.08.2016 | Комментарии (0)

Бишкектин түштүк бөлүгүндө жайгашкан Кытайдын элчилигинин аймагында жардыруу катталды. «Азаттыктын» укук коргоо органдарындагы булагынын билдиришинче, жанкечти унаа менен элчиликтин дарбазасын талкалап кирип, андан соң жарылуу болгон.

Расмий түрдө бир киши каза болуп, үчөөсү жаракат алганы кабарланууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинен жараат алгандар анда бакчы болуп иштеген 17 жаштагы балдар экенин билдиришти.

Окуя болгон жерде ыкчам-иликтөө кызматтары иштеп жатат. Жарылуунун толкунунан коңшу үйлөрдүн айнектери талкаланган.

Террорист ошол жерде мерт кеткен.

(с) Эркиндик

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 2119 | Дата: 30.08.2016 | Комментарии (0)

2016-жылы Кыргызстан КМШга төрагалык кылат. Бул чечим бүгүн, 16-октябрь күнү Казакстанда өткөн жыйында кабыл алынды. Ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинде президенттер БУУ түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгы жана Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын 30 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасашты. Мындан тышкары Мамлекет башчыларынын кароосуна коюлган бир катар эл аралык документтерге кол коюлду. Жыйындын жүрүшүндө лидерлер 2016-жылы КМШга Кыргызстандын төрагалык кылуусу жөнүндө чечим кабыл алуу менен бирге А. Атамбаевтин КМШнын кезектеги жыйынын 2016-жылдын 16-сентябрында өткөрүү тууралуу сунушун колдоого алышты. 

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 2286 | Дата: 18.10.2015 | Комментарии (0)

ИИМден маалымдашкандай, бүгүндөн тарта Кыргызстанда милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул аракет 4-октябрда өтө турган Парламенттик шайлоого байланыштуу. Ошондой эле жол кайгуул кызматкерлери да коопсуздукту көзөмөлдөөнү күчөтүшүп, күч кызматкерлерине элдик кошуун өкүлдөрү көмөктөшөт. Учурда Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгында оперативдүү штаб түзүлүп, коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун жалпы планы иштелип чыкты.

Кошумча: 4-октябрда Кыргызстанда Парламенттик шайлоо өтөт. Ага 14 партия ат салышууда.

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 794 | Дата: 01.10.2015 | Комментарии (0)

 КРнын Баатыры, драматург, КРнын эл жазуучусу, профессор Бексултан Жакиевтин "Манас - кыргыздардын баатырдык эпосу" аттуу жыйнагы өлкөдөгү билим берүү мекемелерине акысыз таратылат. Бул тууралуу КРнын билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 10 миң нуска менен жарык көргөн китептин бүгүн, 30-сентябрда бет ачар аземи өткөрүлүп, анда сөз сүйлөгөн Б. Жакиев жыйнак окуучулар үчүн кызыктуу түзүлгөндүгүн айтты. "Композиция кылдаттык менен тандалып, ошондой эле окурмандардын заманбап талаптарына ылайык келет”,-деп кошумчалайт ал.

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 809 | Дата: 01.10.2015 | Комментарии (0)

Кыргызстандын жашоочуларынын 70% да интернетти пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар жана учурда аны колдонгондордун саны 4 миллион кишиден ашты. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен билдиришти деп жазат "Азаттык". Интернет пайдалангандар 2009-жылы миллиондон араң ашса, 2010-жылы бул сан 400 миңге, 2011-жылы дээрлик 500 миңге көбөйгөн. Колдонуучулардын саны боюнча биринчи орунда Бишкек, анан Ош шаары турат. Шаарларда провайдерлер менен уюлдук компаниялардын кызматы дээрлик бирдей колдонулса, айылдарда негизинен чөнтөк телефондун интернети жеткиликтүү. 

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 751 | Дата: 11.09.2015 | Комментарии (0)

Мындан ары Жол кайгуул кызматкерлери өз унааларын кызматтык унаа катары пайдалана баштайт. Мындай буйрукту ЖКК жетекчиси Сергей Дьяченко кабыл алды деп маалымдады ИИМдин басма сөз кызматы. Кабарлоого ылайык, учурда кызматтык унаалар жетишсиз. Ага байланыштуу эми кызматкерлер өздүк унааларын атайын жабдыктар менен камсыз кылса гана, аны кызматтык унаа катары пайдалана алат. Ошондой эле ар бир унаага "MVD" деген серия менен мамлекеттик номер берилип, тиешелүү документтер толтурулат. Андан соң атайын келишимдер түзүлөт да, кызмат өтөө графиги Жол кайгуул кызматынын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат. Эсиңиздерге салсак, 2012-жылы ЖККнын кызматкерлерине жеке менчик унааларды кызматтык унаа катары па ... Толугу менен окуу »

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 778 | Дата: 04.09.2015 | Комментарии (0)

Урматтуу мекендештер, сиздерди бугунку Кыргыз Республикасынын Эгемендуулук куну менен куттуктайбыз!

24 жыл, бул жылдар аралыгында коп кыйынчылыктарды баштан откордук. Бирок баары жакшылыкка карай.

Сиздерге каалорубуз чын ден-соолук, ачык асман жана мамлекетибиздин тынч оркундоп осушу! Ата Мекенибиз мындар ары да онугуп осо берсин! Алга Кыргызстан!

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 9476 | Дата: 31.08.2015 | Комментарии (0)

Өкмөт 12-август күнү мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизип, мектеп формасынын кеӊейтилген стандартын кабыл алды. Былтыркы жылы милдеттүү кийилсин деп киргизилген мектеп формасынын бир түрү, тагыраагы, кочкул кызыл пиджагы бар комплект боюнча буйрук жоюлган. Жаӊы талаптарга ылайык, мектеп формасы бир эле фасон менен түстө эмес. Стандарттардын ичинде кочкул кызыл пиджактуу комплект да бар, бирок мектеп формасын окуу жайдын администрациясы менен ата-энелердин комитети кеӊешип, бир формага токтолгондон кийин сатып алуу керек болот. 
«30-сентябрга чейин окуучуларга мектепке каалаган кийиминде барууга уруксат. Бул мөөнөт ата-энелерге кайсы бир форманын түрүнө токтолуу үчүн берилди. Эӊ оӊою ак көйнөк менен кара пиджак, юбка жана шымды калтырышса болмок. Ага чейин директорлор менен мугалимдерге форма үчүн акча чогултууга жана окуучулар ... Толугу менен окуу »

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 786 | Дата: 26.08.2015 | Комментарии (0)

 ӨКМ 9-июндан 11-июнга чейин өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болоорун эскертет.  Мезгил-мезгили менен нөшөрлөп жаан жаап, аба-ырайы өзгөрүп турат. Ошондой эле бийик тоолуу аймактарда кар түшүүсү ыктымал. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.

9-июндан баштап абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +20…+25 градус, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +13…+18°, бийик тоолуу райондордо абанын температурасы —2 градустан +3 градуска чейин жылуу болот.

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 727 | Дата: 08.06.2015 | Комментарии (0)

1 2 3 »