8
Главная » Дүйнө

Учурда Кыргызстан – Борбор Азияда демократия лидери. Бул тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри өлкөнү эгемендүүлүктүн 25 жылдыгы менен куттуктап жатып билдирди.

Керри 25 жыл мурун АКШ алгачкылардан болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныганын эске салды. Андан кийин дагы Кошмо Штаттар чейрек кылым аралыгында стратегиялык өнөктөштүккө жана достукка негизделген мамилени колдоп келгенин белгиледи.

Демократия, плюрализмди сыйлоо, андан тышкары бардык жарандар үчүн саясий жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр бар экенине үмүт берүү - эки өлкөнү жакындатып турган көпүрө экенин айтты.

“Туруктуу жана гүлдөгөн Кыргыз Ресубликасы аймактагы бардык өлкөлөр үчүн өрнөк боло алат. Кошмо Штаттар Кыргызстандагы экономикалык жана демократиялык ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 2534 | Дата: 04.09.2016 | Комментарии (0)

Reuters агенттиги үч дипломатиялык булакка шилтеме берип жазганына караганда, Өзбекстан президенти Ислам Каримов дүйнө салды. Бирок бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек. Каримовдун саламаттыгындагы көйгөйлөр тууралуу кептер 27-августтан тарта жайыла баштаган. Эртеси күнү кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева Instagram, Facebook баракчаларына атасы мээсине кан куюлуп, инсульт болуп Ташкендеги оорукананын интенсивдүү терапия бөлүмүндө реанимацияда жатканын жазган. “Абалы туруктуу, бирок азыр кандайдыр бир божомол айтуу эрте" деп билдирген. Бүгүн эртең менен мамлекеттик булактар анын абалы кескин начарлаганын маалымдашты. Өлкөнү 25 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келген Каримов 1-сентябрда Өзбекстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата майрамдык иш-чарага к ... Толугу менен окуу »
Категория: Дүйнө | Просмотров: 2550 | Дата: 04.09.2016 | Комментарии (0)

Немис прокуратурасы адам өлтүрүүгө аракет кылып жана террордук уюмдарды колдогон деп 16 жаштагы кызга расмий түрдө айып такты.

Бийликтин билдирүүсүнө караганда, февралда Сафья С. аттуу кыз Ганноверде полициячыны “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун атынан жарадар кылган. Германия жана Марокко жарандары кылмыш болгон жерде кармалган.

Прокуратуранын божомолу боюнча Сафья С. январда Стамбулга барып, Германияда кол салууну ишке ашыруу үчүн ИМ тобунан нускама алган. Ал кайра келип, экстремисттер менен онлайн түрүндө байланышка чыккан жана терактты пландоого жардам сураган.

Мындан тышкары сирия тектүү 19 жаштагы жаш жигитке кылмышты болтурбай коюууга аракет жасабагандыгы үчүн айып тагылды. Мохамад Хасан К. аттуу улан Сафья Германияда ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 2265 | Дата: 30.08.2016 | Комментарии (0)

Түркия Сирия менен чектеш аймакта түрк аба мейкиндигин бузган учакты атып түшүрдү. Түрк расмийлеринин берген маалыматына ылайык, атып түшүрүлгөн учак башкаруусуз (беспилотник) болгон. Түркиянын Башкы штабынан маалымдашкандай, учакка үч ирет эскертүү берилген жана ага жооп болгон эмес. Учурда башкаруусуз учак кимге таандык экени белгисиз жана тактоо иштери башталды. Ал эми Орусиянын Коргоо министирлиги аларга тиешелүү бардык учактар базага кайтышканын жана алар пландоо режиминде экенин билдирди. 

Эскерте кетсек, октябрь айында орусиялык учактар эки жолу Түркиянын аба мейкиндигин бузуп, эскертүү алышкан эле. 

Категория: Дүйнө | Просмотров: 2160 | Дата: 18.10.2015 | Комментарии (0)

Италия Орусия менен биргеликте "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшөт. Мындай келишимге эки өлкөнүн парламентарийлери кол коюшту. "Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки тараптуу келишимге кол койдук. Анда эл аралык негизде дүйнөгө коркунуч жаратып жаткан "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшүү зарылчылыгы жана Ливия, Сирия өңдүү өлкөлөрдөгү абалдын саясий чечимин издөө тууралуу айтылат",-деди Мамлекеттик Думанын 1 вице-спикери Александр Жуков. 

Эскерте кетсек, кечээ, 30-сентябрда Орусия Сириянын террордук топтор жайгашкан 6 аймагына асмандан алгачкы соккусун урду. 

Категория: Дүйнө | Просмотров: 2137 | Дата: 01.10.2015 | Комментарии (0)

Орусиянын авиациясы Сирияга биринчи авиасоккусун жиберди. Бул тууралуу шашылыш америкалык ишеничтүү булактар кабарлады деп жазат Би-Би-Си. Ага ылайык, сокку Хомс районуна урулган. Анда учурда Орусиянын аймагында тыюу салынган "Ислам мамлекетинин" террорчулары жана сириялык бийликтин айрым аскерлери бар эле. Бизге жеткен кабарларга ылайык, андан 27 киши каза тапты, анын алтоо жаш балдар.

Буга чейин Сирия өз президенти Башар Асаддын Путинге жиберген катынан соң Орусия аскер авиациясын жибергенин билдирген. Ал эми бүгүн, 30-сентябрда Федерация Кеңеши Орусиянын аскер күчүн өлкөдөн тыш колдонууну бир добуштан колдоп, уруксат берди. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматтык тастыктоосуна таянсак, ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 660 | Дата: 01.10.2015 | Комментарии (0)

 Бириккен Улуттар уюмунун Ассамблеясынын 70-сессиясына Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко өзүнүн уулун делегат катары алпарды. 11 жаштагы Николайдын чогулуш залында отурган сүрөтүн орусиялык Шок Уокер жарыялаган. Андан президенттин уулу Белоруссиядан келген расмий делегаттар үчүн даярдалган орунда отургандыгын көрүүгө болот. Ал эми өлкө башчынын басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, Лукашенко уулу менен кошо "11-сентябрь" мемориалына да барып келген.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 680 | Дата: 01.10.2015 | Комментарии (0)

Индиянын Бихар штатынын миңдеген атуулдары премьер-министр Нарендра Модиге нараазычылык катары өз чачтарын жана тырмактарын жиберишүүдө. Жарандар бул "белеги" аркылуу өкмөт башчынын акаарат келтирип айткан сөзүнө жооп бергиси келет. Почта кызматкерлеринин айтымында, премьер-министрге буга чейин 2-3 мүшөк гана буюмдар келсе, акыркы күндөрү ага дээрлик 50 гө жакын мүшөк келип түшкөн. 

Эскерте кетсек, мындай өзгөчө нараазычылык акциясына себеп болгон окуя төмөндөгүчө болгон. Бихар штатынын саясатчысы Нитиш Кумар премьер-министрдин партиясынан өз партиясынын мүчөлөрүн алып чыгып кетүү чечимин кабыл алгандыгын айткан. Бул чечимди уккан премьер-министр бихарлык саясатчыга "Сиздин саясаттагы ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 608 | Дата: 18.09.2015 | Комментарии (0)

Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин үйү 1,3 млн. долларга сатылат. Маалыматка ылайык, коюлган баада арзандатуу болбойт. Үй курулгандан бери анда эч ким жашаган эмес жана үйдүн жаңы ээси бир катар ремонт жасашы керек болот. ABCnews кабарлагандай учурда кардар табылган жана ошол себептен үйдү кеңири тааныштырууга болбойт.

Үй Киевтин Оболон районунун кадыр-барктуу аймагында жайгашкан. Бул чөлкөм катуу көзөмөлдөгү элиталардын шаарчасы аталат. 3-кабаттуу имараттын аянты 1200 кв.м, жер тилкеси 8 сотых. Ал эми ички бөлүгүндө спортзал, бир канча эс алуучу, иштөөгө ылайыкталган жана конок тосуучу бөлмөлөрү, ошондой эле кышкы аянтчасы менен кошо мансарддар бар. ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 608 | Дата: 11.09.2015 | Комментарии (0)

Американын "Эркиндик үчүн-2015" сыйлыгы орус оппозиционери, маркум Борис Немцовго ыйгарылды. Сыйлык "Орусиянын эркиндигин калыптандыруу үчүн арнаган каны үчүн" деп мүнөздөлдү. Азем Вашингтон Эл аралык институтунда өтүп, ушул жылдын февралында атып өлтүрүлгөн саясатчынын сыйлыгы Немцовтун жакын досу, ПАРНАС саясий партиясынын төрагасынын орун басары, журналист Владимир Кара-Мурзага тапшырылды. Белекти ыйгаруу Институттун жетекчилер кеңешинин төрагасынын атынан сенатор Жон Маккейнге милдеттендирилди. Аземде сөз сүйлөгөн Кара-Мурза Борис Немцовту Орусиядагы "аппак карга" деп атады. Эскерте кетсек, АКШ Немцовко наам ыйгарган биринчи өлкө эмес. Буга чейин Украина да ага "Эр ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 686 | Дата: 10.09.2015 | Комментарии (0)

 "Ислам мамлекетинин" 4 миңдей террористи качкындар кейпинде Европага сүңгүп кетти. Мындай маалыматты Sunday Express басылмасы жазат. "Ошентип "Ислам Мамлекетинин" Европага өз террористтерин "ыргытуу" операциясы ийгиликтүү өтүүдө",-деп баяндайт басылма. Андагы маалыматка ылайык, түрк качкын өзү 10 чакты террористке Евробиримдиктин чек арасынан өтүүгө жардам бергенин айткан. Эскерте кетсек, ушул жекшембиде Венгриянын чек арасы аркылуу Австрияга кирген сириялык качкындардын саны 15 миңден ашты.

Кошумча: Ар жыл сайын Жакынкы Чыгыштан Грецияга карай жана Түркия аркылуу миңдеген качкындар жол тартат. Алардын дээрлик бардыгы өз Мекениндеги согуштан - Сириядан качкан ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 594 | Дата: 07.09.2015 | Комментарии (0)

 Улуу Британияда мусулмандарга кол салуу фактысы былтыркыга салыштырмалуу 70% га өстү. Полициянын 12 айда чогулткан маалыматтарына ылайык, 2014-жылдын июль айынан берки убакыт ичинде 816 кылмыш иши катталган. Ал эми 2013-жылы бул көрсөткүч 478 ди түзсө, быйыл мусулмандарга кол салуу 70% га чейин жогорулаган. Tell MAMA укук коргоо уюмунун маалыматына таянсак, жабыркагандардын 60 % - аялдар жана алардын дээрлик теңинен көбү оронгондор. Полициянын статистикасында кылмышкерлер курмандыгын көбүнчө интернеттен таап, артынан көзөмөл кылары айтылат.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 643 | Дата: 07.09.2015 | Комментарии (0)

1 2 »