8
Главная » 2015 » Сентябрь » 5 » Путин: "ИМге каршы операцияга Орусиянын катышуусу тууралуу айтууга али эрте"
13:01
Путин: "ИМге каршы операцияга Орусиянын катышуусу тууралуу айтууга али эрте"

"Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобуна каршы күрөшүү аскердик коалициясына Орусиянын катышары тууралуу айтуу али эрте. Мындай пикирин Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди. "Муну жасай аларыбыз тууралуу айтуу азыр эртелик кылат. Бирок, биз Сирияга техника, аскер кызматкерлерин даярдоо жагынан олуттуу жардам бере алабыз",-деди ал. Анын айтымында, АКШнын "Ислам мамлекетине" каршы жасап жаткан аракетинин эффективдүүлүгү өтө жогору эмес. Эскерте кетсек, аталган террордук топ көптөгөн мамлекеттер менен катар Орусияда да террордук уюм катары кабылданган. 

Кошумча: 20-августта Босфордо Орусияга таандык десанттык оор "Тапир" классындагы корабль байкалган. Айрым ММКлар бул болжолдуу түрдө Орусиянын Сирия өкмөтүнө жиберген куралдуу техникасы деп жазышкан.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 539 | Добавил: VIP | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }