1 2 3 ... 8 9 »

Абдулла - Кудайдын кулу.
Абдульфатах - Ачуучунун кулу.
Агзам - беделдүү, залкар.
Азат - эркин.
Акрам - асыл, нурлуу, жакшы мүнөздүү.
Али - бийик, көтөрүңкү.
Амин - ишенимдүү, чынчыл, коргоочу.
Амир - башкаруучу, буйрук берүүчү.
Бахир - көздүн жоосун алуучу, жаркылдоочу.
Башаар - жакшы кабарды жеткирүүчү.
Басыль - эр жүрөк.
Билаль - биринчи муэдзиндин (мусулмандарды дуба кылууга чакырган мечит кызматкери) ысымы.
Галиб – жеңүүчү.
Гаяз - жардамчы.
Гафур - кечирүүчү, боорукер.
Дамир - ынсап, акыл-эс дегенди түшүндүрөт.
Даниль - Кудайдын белеги, Кудайга жакын.
Жамиль - сулуу.
Жамал - төө сыяктуу чыдамкай, байымдуу.
Зайдулла - Аллахтын белеги.
Закир - Жаратканды эстөөчү, мактоочу.
Замир - ар-намыстуу адам.
Зиннур - жаркылдаган, нурлуу.
Зиннат - даңазалуу, кооздолгон, жакшы.
Забир - күчтүү, катуу, чыдамкай.
Замиль - дос, жолдош.
З ... Читать дальше »

Категория: Керектүү | Просмотров: 3150 | Добавил: Admin_site4510 | Дата: 15.12.2016 | Комментарии (0)

Тоонун көркү таш болот,
Боло турган азамат
Он бешинде баш болот,
Эси кеткен бир жаман
Элүүндө жаш болот.
Баланы мээнет басса таз болот,
Жакшы жүрөт даң менен,
Жамандын өмүрү өтөт чаң менен,
Мергендин өмүрү өтөт аң менен.

Асыл жаның аманда
Ак калпак кийген жаанга,
Жигиттикке толгондо
Жүгөнү жок аттайсың.
Жүгүрүп айыл кыдырып,
Түнүндө үйдө жатпайсың,
Бекер басып оолугуп,
Өйдө төмөн каттайсың.
Кыздуу үйдүн эшигин
Кызыгып, кетпей таптайсың.
Кайран жаштык өткөндө,
Кербезденип баспайсың.
«Кеткен экен жаштык» деп
Көңүлүңдү ачпайсың.
Акыл ойлоп насыят
Айтсам сөздүн жөн-жөнүн:
Амал менен алдаса,
Арам ишке көнбөгүн,
Уурулук кыла көрбөгүн.
Ыймансыз болуп өлбөгүн,
Акылың болсо алып кал
Акындык иштин өрнөгүн.
Алтын башка өлүм ак
... Читать дальше »

Категория: Акындар | Просмотров: 951 | Добавил: Admin_Site | Дата: 28.03.2014 | Комментарии (0)

Кештелүү беле өңүрүм,
Кейиштүү бүттү өмүрүм.
Саймалуу беле өңүрүм,
Алтындан беле билегим,
Армандан беле тилегим.
Күмүштөн беле билегим,
Күйүттөн беле тилегим.

Күкүгүң –шактан кеттиби,
Күйүтүү кайгы чектиби?
Айда барып кеп айткан
Журтуң калды, Жеңижок!

Күмүш менен чайкаган,
Кутуң калды, Жеңижок.
Күндө барып ырдаган,
Журтуң калды, Жеңижок!

Ак куржун толо ыр калды,
Алган жарым тул калды.
Көк куржун толо ыр калды,
Кошулган жарым тул калды!

Кызыл ат жорго желдирбей,
Кылым кыргыз чогулса,
Кимдин уулу дедирбей.
Кыямат өтүп барамын,
Кучактап бала мен сүйбөй!..
Карадан жорго желдирбей,
Казак-кыргыз чогулса,
Кайсы бала дедирбей,
Кайгырып кетип б ... Читать дальше »

Категория: Акындар | Просмотров: 1136 | Добавил: Admin_Site | Дата: 28.03.2014 | Комментарии (0)

Жеңижок жаш кезегинде, ала оорусу менен ооругандыктан Ташкара бий аны Аксыга кубалаган. Ошондо качып бара жатып, Бакайыр деген жерде жалгыз талды көрүп, элин-жерин кыялбай жалгызталды кошуп ырдаган:

Бакайырда жалгыз тал,
Баласы жок байкуш тал.
Жол боюнда жалгыз тал,
Жолдошу жок байкуш тал.

Кайрылып келип конгондой,
Каргага түнөк болгондой.
Канаты жок жалгыз тал,
Кайгысы көп байкуш тал.

Бурулуп келип конгондой,
Булбулга түнөк болгондой.
Бутагы жок жалгыз тал,
Муңдуу болгон байкуш тал.

Сен бу жерде жок элең,
Жериң кана жалгыз тал?
Аймактуу чогуу жамагат
Элиң гана жалгыз тал?

Көрүнбөйсүң ыраактан
Караң кана жалгыз тал?
Тегеренип ойногон
Бала ... Читать дальше »

Категория: Акындар | Просмотров: 1426 | Добавил: Admin_Site | Дата: 28.03.2014 | Комментарии (0)

Асман, Ай, жылдыз бүткөндө,
Улангансың, дүнүйө.
Жер титиреп бүткөндө,
Куралгансың, дүнүйө.
Он сегиз миң Ааламды,
Бир жараттың, дүнүйө.

Кемтиги жок эч жерде,
Куп жараттың, дүнүйө.
Аял менен эркекти,
Жуп жараттың, дүнүйө.
Адамзаттын ичинде,
Кут жараттың, дүнүйө!

Жан-жаныбар, бүлөнү,
Бүт жараттың, дүнүйө.
Көбөйттүрүп ар жакка,
Шүк тараттың дүнүйө.

Булбул менен чымчыкты,
Бакта кылдың, дүнүйө.
Баардагы пашааны,
Такта кылдың, дүнүйө.

Аркар менен кийикти,
Ташта кылдың, дүнүйө.
Жетип алар ажалды,
Башта кылдың, дүнүйө.
Бир-бирине окшотпой,
Башка кылдың, дүнүйө.
Эки беттин албырган,
Нурун алдың, дүнүйө,
Атасынан баласын,
Мурун алдың, дүнүй ... Читать дальше »

Категория: Элдик ырлар | Просмотров: 899 | Добавил: Admin_Site | Дата: 28.03.2014 | Комментарии (0)

Күн жайылып келгенде:
Күңгүрөнүп күч алып,
Күмүш комуз күү чалып.
Аркыраган күч алып,
Алтын комуз күү чалып.
Күн келбетин бетине,
Жаркыратып түшүрүп.
Чаңкап келген мал, жанга,
Тартынбастан ичирип.

Күмүштөй болуп жалтылдап,
Берекесин арттырып,
Ийип берген балкылдап!..
Бири консо, бири учуп,
Бири кетсе, бири келип.
Эки жагын карашып,
Канаттарын тарашып.
Мукам-мукам сайрашып,
Бутагында жарашып.
Уядагы күтүшкөн,
Балапанга суу берип.
Кужурашып отуруп,
Коркунуч болсо дуу кетип,
Куштар келген аккан суу!..

Куйрук жалы бир карыш,
Кулан келген аккан суу.
Аягы жок, колу жок,
Жылан келген аккан суу!
Чымын менен чиркейи,
Буда келген аккан суу.
Бөгөнөгү, бүргөсү,
Жуда келген аккан суу.
Ийнелиги, көгөөнү,
... Читать дальше »

Категория: Элдик ырлар | Просмотров: 1213 | Добавил: Admin_Site | Дата: 28.03.2014 | Комментарии (0)


Жер титиреп бүткөндө,
Көктөн иман толкуп түшкөндө.
Жылдыз көккө толгондо,
Дүнүйө пинаа болгондо.
Ай асмандан букканда,
Күн кызарьш чыкканда,
Адам-Ата, Обо-эне,
Оозунан чыккан лапеси,
Кудайга дайын болгондо,
Суу атасы Сулайман,
Жардам сурап кудайдан
Суу бергин деп муңайган.
Кудурети кудайдын,
Кубат берип түбөлүк,
Орун берди бу жайдан.
Ошондо он сегиз Ааламдан,
Коркуп чыккан аккан суу.
Жер жүзүнө чайпалып,
Толкуп чыккан аккан суу!..
Жети кабат Жер астын,
Жарып чыккан аккан суу.
Жер, Ааламдын баарысын,
Багып чыккан аккан суу.
Алты кабат Жер астын,
Атып чыккан аккан суу.
Адам-Ата, Обону,
Багып чыккан аккан суу.
Ала-Тоонун боорунан,
Жарып чыккан аккан суу.
Алтын канат жез куйрук,
Балык чыккан аккан суу.

Кара-Тоонун боорунан,
... Читать дальше »

Категория: Элдик ырлар | Просмотров: 1301 | Добавил: Admin_Site | Дата: 28.03.2014 | Комментарии (0)