8
Главная » Саясат

Парламенттик шайлоого аттанган 14 партиянын ичинен КСДП саясий партиясы фондуна эң көп, 103 млн. сом топтоп, анын 65 миллион сомун бүгүнкү күнгө чейинки үгүт иштерине жумшады. Аталган партия учурда эң көп каражат сарптаган партия катары эсептелүүдө. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты. Ал эми кийинки кезекте “Өнүгүү-Прогресс” партиясы турат. Аталган партиянын фондунда 93 млн сом болсо, “Республика-Ата Журт” партиясында 83 млн. жана “Ата Мекен” партиясында 69 миллион сом топтолгон. Ал эми 7 млн. сомго жетпеген фонду менен “Мекен Ынтымагы” партиясы тизменин эң артында турат. 

Эскерте кетсек, мыйзам боюнча саясий партиялардын шайлоо фондунун эң жогор ... Толугу менен окуу »

Категория: Саясат | Просмотров: 650 | Дата: 18.09.2015 | Комментарии (0)

Бүгүн, 5-сентябрда БШКда шайлоого аттанган партиялардын ишенимдүү өкүлдөрү чүчү кулак кармашты. Ага ылайык, 4-октябрда өтө турган шайлоого катышчу 14 саясий партиянын бюллетендеги катар номерлери төмөндөгүдөй деп табылды: 

1. "Аалам" 

2. “Ар Намыс” 

3. “Замандаш” 

4. “Азаттык” 

5. “Республика-Ата Журт” 

6. “Ата Мекен” 

7. КСДП 

8. “Өнүгүү - Прогресс” 

9. “Кыргызстан элдеринин конгресси” 

10. “Улуу Кыргызстан” 

11. “Бүтүн Кыргызстан - Эмгек” < ... Толугу менен окуу »

Категория: Саясат | Просмотров: 682 | Дата: 06.09.2015 | Комментарии (0)

Украинанын президентинин расмий сайтында Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвилини премьер-министрликке дайындоо талабы камтылган электрондук петиция (жогорку өкмөткө жазылган көпчүлүктүн өтүнүчү) жайгаштырылды.  Бүгүнкү күнү ага 1500 кишиден ашуун киши жазылды. Ал эми керектүү добуш - 25 миң киши. Бул үчүн 90 күн убакыт берилди. Эсиңиздерге салсак, Михаил Саакашвили Грузиянын мурдагы президенти. Экс-президент 2013-жылдын 13-ноябрда бийликтен түшүп, өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Андан соң, 2015-жылдын 13-февралынан тарта Украинанын президентинин кеңешчиси жана 30-майдан тарта Одесса облусунун губернатору. 

Кошумча: Өткөн аптада Президенттин басма сөз кызматы Порошенко Өкмөткө жиберилген пет ... Толугу менен окуу »

Категория: Саясат | Просмотров: 554 | Дата: 05.09.2015 | Комментарии (0)

 Бүгүн, 3-сентябрда Парламенттик шайлоодогу үгүт иштерине расмий уруксат берилди. Эми шайлоого аттанып жаткан партиялар жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүүгө толук укуктуу. Жарнамалоо иштери шайлоого бир күн калганда, тагырак айтканда, 3-октябрда токтотулат. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, партиялар жөнүндөгү PR-макалаларды, үгүттөөчү маек жана маалыматтарды буга чейин каттоодон өткөн гезит-журналдар менен теле-радиолор гана жарыялоого укуктуу.

Кошумча: Парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген. Ага 14 партия ат салышууда, алар: "Ата Мекен", "Кыргызстан", "Бир бол", "Ар Намыс", "Аалам", "Азаттык", "Республ ... Толугу менен окуу »

Категория: Саясат | Просмотров: 606 | Дата: 04.09.2015 | Комментарии (0)

“Ата Мекен” партиясы КТРКны, ЭлТРди жана Knews маалымат агенттигин сотко берди. Бул тууралуу партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында аталган маалымат каражаттары “Ата Мекен” партиясын каралаган маалыматтарды тараткан. Эске салсак, август айында Орусиядагы айрым мигранттар шайлоодо “Ата Мекенди” колдой турганы жөнүндө маалымат жыйын уюштурган. Андан кийин башка мигранттар менен иштеген уюм өкүлдөрү жогорудагы билдирүүгө нааразылыгын билдиришкен. Бул жөнүндөгү сюжет аталган эки телеканалда көрсөтүлүп, Knews агенттигине макала жарыяланган. Мындай аракеттерди партия өкүлдөрү шайлоо алдындагы буйрутма катары кабыл алышып, сотко кайрылышкан. Азыр Бишкектеги Ленин райондук сотунда 8-сентябрда каралуу алдында турат. Ал эми аты аталган ММК өкүлдөрү бул эч кандай буйрутма эместигин айтышууда.
Категория: Саясат | Просмотров: 662 | Дата: 29.08.2015 | Комментарии (0)

Президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик коопсуздук министри Гэн Хуэйчанды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдалды. Маалыматка ылайык, жолугушууда терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөштө мындан ары өз ара аракеттенүүнүн мааниси баса белгиленди.

Категория: Саясат | Просмотров: 829 | Дата: 21.11.2014 | Комментарии (0)