8
Главная » Спорт

Кечээ, 3-сентябрда Кыргызстандын улуттук футбол курамасы конокто Иорданиянын курамасы менен жолугушту. Беттеш Амман шаарындагы "Аль-Хассан" стадионунда өтүп, эсеп - 0:0 менен жыйынтыкталды. Бул 2018-жылы Орусияда өтүүчү дүйнөлүк чемпионаттын "Азия" зонасындагы тандоо раундунун, 3-айлампасы эле. Жолугушууга чейин командаларда 3төн упай болгон жана турнирдик таблицада 2-орунду бөлүшкөн. Эми эки командага тең 1 ден упай берилет. 

Категория: Спорт | Просмотров: 688 | Дата: 05.09.2015 | Комментарии (0)

Токио-2020 Олимпиадасынын уюштуруу комитети расмий логотибинен баш тартты. Анткени комитетти эмблеманын автору бельгиялык Оливье Дэби япониялык кесиптеши Кендзиро Санону плагиат кылды деп айыптоодо. Япон маалымат каражаттарынын айтымында, уюштуруу комитетинин чогулушунда Сано материалды интернеттен көчүрүп алгандыгын мойнуна алган. Ал эми Оливье Дэби акыркы учурга чейин Санону колдоп турган комитетке таң калганын жашырбайт. Эскерте кетсек плагиат делген логотиптин чыры ушул жылдын июль айында башталган. 

Категория: Спорт | Просмотров: 573 | Дата: 02.09.2015 | Комментарии (0)

Монакодо 27-август, өткөн сезондун жыйынтыгы менен Европанын мыкты футболчусу аныкталды. Жыйынтыгында, "Барселонанын" чабуулчусу жана Аргентинанын улуттук курама командасынын оюнчусу Лионель Месси 2014-2015 сезонунун европалык мыкты футболчусу деп аталды.

Мессиден сырткары мыкты оюнчу наамына Мадридтик "Реал" жана Португалиянын жарым коргоочусу Криштиану Роналду жана "Барса" командасынын форварды Луис Суарес талапкер болгон.

Кошумча: Лионель Месси өткөн сезондун жыйынтыгы менен жалпы жонунан 58 ирет дарбазага топ киргизген. "Барсанын" курамында Чемпиондор Лигасын багындырып, Испания чемпиону жана Король кубогу үчүн турнирдин чемпиону болгон.

Категория: Спорт | Просмотров: 630 | Дата: 29.08.2015 | Комментарии (0)