17:00 Түркия. Президент Эрдоган аял менен эркектин ортосунда теңдик болбойт деди | |
Түркиянын президенти Тайип Эрдогандын айтымында, аял менен эркектин ортосунда теңдик болбойт. "Аял менен эркекти бир деңгээлге коюу мүмкүн эмес. Бул табигый эмес көрүнүш. Аялзаты - эне, анын балдары бар же кош бойлуу учуру болот. Ал короосундагы картөшкөнү казышы мүмкүн эмес",-деди ал аялдардын укугун коргоо тууралуу маалымат жыйынында. Түрк өлкө башчысынын ою боюнча динде аял-эркектин деңгээли эң туура берилген жана аялдарга эркектер менен тең укуктуулук эмес, жөн гана эркектер менен бир катардагы урмат-сый керек. Буга чейин президент түрк аялдары кеминде 3тү төрөшү керектигин айткан эле. Ошондой эле төрөт учурундагы операцияга жана абортко каршы экендигин билдирген. Кошумча: Түрк өлкө башчысынын ар бир кеби өз коомчулугунда кызуу талкууга алынат. Өткөн эле аптада Эрдоган "Мусулмандар АКШны Колумбга чейин 300 жыл мурда эле ачып коюшкан" деген эле. | |
|
Всего комментариев: 0 | |