8
Главная » 2015 » Сентябрь » 08

Бүгүн, 8-сентябрь журналисттердин Эл аралык тилектештик күнү. Бул майрам 1958-жылдан бери белгиленип келе жатат. Ал эми тилектештик 1943-жылдын 8-сентябрында Германияда антифашисттик көз караштагы чехословакиялык журналист Юлиус Фучик дарга асылган күндөн башталган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу эркин деп таанылган. Эл аралык “Чектелбеген репортерлор” (Reporters without borders) уюмунун 2015-жылдагы “дүйнөлүк басма сөздүн эркиндик индексин” иликтөө жыйынтыгында Кыргызстан 88-орунга чыккан. Өткөн жылы - 97, ал эми 2012 - 2013-жылдары 106-орунда болчу. Иликтөөгө дүйнөнүн 180 өлкөсү тартылган. 178-орундагы Түркмөнстан сөз эркиндиги ооздукталган өлкө болуп эсептелет. Тажикстан 116-орунда, 160-тизмеде Казакстан. Өзбекстан 166-орунга жайгашкан. Эл аралык уюмдун ... Толугу менен окуу »

Просмотров: 626 | Дата: 08.09.2015 | Комментарии (0)

"Эгерде Зуль-хижжа айы 29 нан жаңырса, анда Курман айт 23-сентябрга белгиленет. 30 нан жаңырса, анда Курман айт майрамы 24-сентябрга туш келет. Ошондуктан болжолдуу түрдө Курман айт майрамын 24-сентябрь деп жатабыз",-деп маалымдайт КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Исмаилов Жигитали ажы. Бул тууралуу Марал радиосунун сайтында жазылат. 

Эскерте кетсек, Айт майрамы Ислам жыл санагы боюнча 12-ай болгон Зуль-хижжа айынын онунан тарта 4 күн майрамдалат. Анда мусулмандар Кудайдын ыраазычылыгы үчүн курмандык чалышат. 

Просмотров: 639 | Дата: 08.09.2015 | Комментарии (0)