8
Главная » 2015 » Сентябрь » 11

Кыргызстандын жашоочуларынын 70% да интернетти пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар жана учурда аны колдонгондордун саны 4 миллион кишиден ашты. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен билдиришти деп жазат "Азаттык". Интернет пайдалангандар 2009-жылы миллиондон араң ашса, 2010-жылы бул сан 400 миңге, 2011-жылы дээрлик 500 миңге көбөйгөн. Колдонуучулардын саны боюнча биринчи орунда Бишкек, анан Ош шаары турат. Шаарларда провайдерлер менен уюлдук компаниялардын кызматы дээрлик бирдей колдонулса, айылдарда негизинен чөнтөк телефондун интернети жеткиликтүү. 

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 753 | Дата: 11.09.2015 | Комментарии (0)

Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин үйү 1,3 млн. долларга сатылат. Маалыматка ылайык, коюлган баада арзандатуу болбойт. Үй курулгандан бери анда эч ким жашаган эмес жана үйдүн жаңы ээси бир катар ремонт жасашы керек болот. ABCnews кабарлагандай учурда кардар табылган жана ошол себептен үйдү кеңири тааныштырууга болбойт.

Үй Киевтин Оболон районунун кадыр-барктуу аймагында жайгашкан. Бул чөлкөм катуу көзөмөлдөгү элиталардын шаарчасы аталат. 3-кабаттуу имараттын аянты 1200 кв.м, жер тилкеси 8 сотых. Ал эми ички бөлүгүндө спортзал, бир канча эс алуучу, иштөөгө ылайыкталган жана конок тосуучу бөлмөлөрү, ошондой эле кышкы аянтчасы менен кошо мансарддар бар. ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 609 | Дата: 11.09.2015 | Комментарии (0)