8
Главная » 2015 » Сентябрь » 10

Сайт бүгүндөн тарта өз окурмандарынын назарына дагы бир рубрикасын сунуштайт. Тагыраак айтканда, "Сүрөттөр сүйлөгөндө" рубрикасынын жардамы менен эми ааламдын төрт бурчунан тартылып алынган сүрөттөрдөн маалында кабардар болуп туруу мүмкүнчүлүгү жаралмакчы. 

Урматтуу окурман, алдыда кечээ, 9-сентябрда тартылып алынган сүрөттөр баяны. Кабардар болуңуз!  

 

 

 

 

                        1 сүрөт ... Толугу менен окуу »

Категория: Күндүн сүрөтү | Просмотров: 715 | Дата: 10.09.2015 | Комментарии (0)

Apple компаниясы iPhone 6S жана iPhone 6S Plus үлгүсүндөгү эки смартфонду тааныштырды. Смартфон баштапкыдай эле дизайн менен чыгарылды, бирок акционердик коомдун директору Тим Куктун белгилешинче, ички түзүмдүн баары өзгөртүлдү. Жалгыз көрүнөө айырма - аппаратка кызгылт алтын түс киргизилди. Ошондой эле бул иретки Айфон жеңил жана катуу баскылоого сезгич келет. Ал эми камерасы 8 мегапикселден 12 мега пикселге алмаштырылып, смартфон 4К - 4096 ны 2160 пикселде видео тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

iPhone`дун жаңы үлгүлөрү 25-сентябрдан тарта сатыкка чыгат. 6S моделинин баасы АКШнын келишимине ылайык, 199 доллардан 399 долларга чейин болсо, 6S Plus үлгүсүндөгү аппарат 299-499 долларга бааланмакчы. 

Категория: Техника | Просмотров: 619 | Дата: 10.09.2015 | Комментарии (0)

 Күздө өтүүчү Парламенттик шайлоонун үгүт иштеринин эсебинен өткөн аптада КТРК карыздарын толук төлөп бүттү. Бул тууралуу аталган телеканалдын башкы директору Илим Карыпбеков социалдык тармактардын бириндеги баракчасына жазды. "КТРКнын тышкы жана ички карыздарынын баардыгы жабылып, мындан ары болгон каражаттын бардыгы толугу менен өнүгүү иштерине жумшалмакчы деп билдирип кетем. Бул бизге абдан чоң жетишкендиктердин бири болуп, ийинибизден чоң ташты оодарып түшкөндөй сезилип, кубанып турган кезибиз",-дейт Карыпбеков. 

Эскерте кетсек, КТРКнын карыз болуу маалы 2014-жылдан тарта өнүгүп отурган. 2013-2014-жылдар аралыгында телеканал Европа телеберүү биримдиги (ЕББ) менен спутниктик сигнал берүү кызматын көрсөтүү боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде тиешелүү төлөмдөрдү маалында төлөп турган. Бирок 2014-жылдын башынан баштап (2015- ... Толугу менен окуу »

Просмотров: 600 | Дата: 10.09.2015 | Комментарии (0)

Орусиянын бир катар Жогорку окуу жайларында кыргыз тили окутула баштады. Айтсак, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетиндеги Азия жана Африка өлкөлөрү институтунда кыргыз тили сабагы киргизилди. Бул тууралуу институттун директорунун орун басары Жибек Сыздыкова маалымдады. Анын айтымында, эми анда окуган студенттер кыргыз тилин биринчи чет тили катары үйрөнүшөт. Мунун себеби катары, Советтер союзуна баш ийген мурдагы өлкөлөрдүн адистери учурда Орусияга аябай зарыл экендиги менен түшүндүрүлүүдө. Учурда кыргыз тили боюнча алгачкы сабактарды Ч. Айтматов атындагы Кыргыз тили жана маданият борборунун директору Жеңишгүл Байтерекова берип жатат. "Алгачкы сабактарды Кыргызстан тууралуу тасмаларды көрүү м ... Толугу менен окуу »

Просмотров: 675 | Дата: 10.09.2015 | Комментарии (0)

Американын "Эркиндик үчүн-2015" сыйлыгы орус оппозиционери, маркум Борис Немцовго ыйгарылды. Сыйлык "Орусиянын эркиндигин калыптандыруу үчүн арнаган каны үчүн" деп мүнөздөлдү. Азем Вашингтон Эл аралык институтунда өтүп, ушул жылдын февралында атып өлтүрүлгөн саясатчынын сыйлыгы Немцовтун жакын досу, ПАРНАС саясий партиясынын төрагасынын орун басары, журналист Владимир Кара-Мурзага тапшырылды. Белекти ыйгаруу Институттун жетекчилер кеңешинин төрагасынын атынан сенатор Жон Маккейнге милдеттендирилди. Аземде сөз сүйлөгөн Кара-Мурза Борис Немцовту Орусиядагы "аппак карга" деп атады. Эскерте кетсек, АКШ Немцовко наам ыйгарган биринчи өлкө эмес. Буга чейин Украина да ага "Эр ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 688 | Дата: 10.09.2015 | Комментарии (0)