8
Главная » 2015 » Сентябрь » 07

 "Ислам мамлекетинин" 4 миңдей террористи качкындар кейпинде Европага сүңгүп кетти. Мындай маалыматты Sunday Express басылмасы жазат. "Ошентип "Ислам Мамлекетинин" Европага өз террористтерин "ыргытуу" операциясы ийгиликтүү өтүүдө",-деп баяндайт басылма. Андагы маалыматка ылайык, түрк качкын өзү 10 чакты террористке Евробиримдиктин чек арасынан өтүүгө жардам бергенин айткан. Эскерте кетсек, ушул жекшембиде Венгриянын чек арасы аркылуу Австрияга кирген сириялык качкындардын саны 15 миңден ашты.

Кошумча: Ар жыл сайын Жакынкы Чыгыштан Грецияга карай жана Түркия аркылуу миңдеген качкындар жол тартат. Алардын дээрлик бардыгы өз Мекениндеги согуштан - Сириядан качкан ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 597 | Дата: 07.09.2015 | Комментарии (0)

 Улуу Британияда мусулмандарга кол салуу фактысы былтыркыга салыштырмалуу 70% га өстү. Полициянын 12 айда чогулткан маалыматтарына ылайык, 2014-жылдын июль айынан берки убакыт ичинде 816 кылмыш иши катталган. Ал эми 2013-жылы бул көрсөткүч 478 ди түзсө, быйыл мусулмандарга кол салуу 70% га чейин жогорулаган. Tell MAMA укук коргоо уюмунун маалыматына таянсак, жабыркагандардын 60 % - аялдар жана алардын дээрлик теңинен көбү оронгондор. Полициянын статистикасында кылмышкерлер курмандыгын көбүнчө интернеттен таап, артынан көзөмөл кылары айтылат.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 649 | Дата: 07.09.2015 | Комментарии (0)

Узакка созулган дарттан улам бүгүн, 7-сентябрда белгилүү мамлекеттик ишкер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев каза тапты. Муркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда өтөт. 

Турдакун Усубалиев 1916-жылы, 6-ноябрда Нарын облусунун Кочкор районунда жарык дүйнөгө келген. 1941-жылы Фрунзедеги Педагогикалык институтун аяктап, ошол жылы Кочкор кыштагындагы орто мектепте, партиянын Кочкор райкомунда, андан соң, 1943-1945 - жылдары КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектептин угуучусу болгон. Ошондон тарта 10 жыл бою КПСС БКнын жооптуу кызматтарында иштеп турган. 1955-1957 - жылдары "Советтик Кыргызстан" гезитинин жооптуу редактору, Кыргызстан КП БКнын бөлүм башчысы, 1958-жылы партиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалып, ал бул кызматта 24 жыл бою иштеп турган. Ага Кыргызстанга жасаган э ... Толугу менен окуу »

Просмотров: 733 | Дата: 07.09.2015 | Комментарии (0)