8
Главная » 2015 » Сентябрь » 04

Мугалимдердин айлык маянасын көбөйтүү үчүн бюджеттен 6,6 млрд. сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин жана мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн, 2016-жылга бюджеттин долбоору боюнча талкуунун жүрүшүндө айтылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Сунушталган мыйзам долбооруна мугалимдердин, мамлекеттик кызматчы эместердин, кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу тууралуу программа киргизилген. Ага ылайык,

- мугалимдердин маянасын жогорулатууга 6,6 млрд. сом;

- мамлекеттик кызматчы эместердин маянасын көбөйтүүгө 1 млрд. сом;

- кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин (КТК, ТТ ... Толугу менен окуу »

Категория: Экономика | Просмотров: 750 | Дата: 04.09.2015 | Комментарии (0)

 Япония Пан Ги Мундун Кытайдагы аскердик парадка баргандыгын туура эмес деп баалады. Тагыраак айтканда, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун Кытайдагы Экинчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына арналган аскердик парадка катышуусу Япониянын сынына кабылтты. Бул тууралуу Япониянын баш катчысы Ёсихидэ Суга да өзүнүн расмий позициясын билдирген. “Тарыхтын бөлүнгөн этабынын ар бирине өзгөчө көңүл буруу туура эмес жана БУУ ар дайым нейтралдуу тарапта болуусу шарт. Жободо жазылгандай, БУУнун максаты - адамдарды тынчтыкка бириктирүү. Ал эми Пан Ги Мундун парадка катышкандыгы жана өз сөзүндө Кытайдын аскердик бөлүгүнүн күчтөнүүсүн колдойт экендиги максатка дал келбейт",-деди ал.

Эске салсак, кеч ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 590 | Дата: 04.09.2015 | Комментарии (0)

 Бүгүн, 3-сентябрда Парламенттик шайлоодогу үгүт иштерине расмий уруксат берилди. Эми шайлоого аттанып жаткан партиялар жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүүгө толук укуктуу. Жарнамалоо иштери шайлоого бир күн калганда, тагырак айтканда, 3-октябрда токтотулат. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, партиялар жөнүндөгү PR-макалаларды, үгүттөөчү маек жана маалыматтарды буга чейин каттоодон өткөн гезит-журналдар менен теле-радиолор гана жарыялоого укуктуу.

Кошумча: Парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген. Ага 14 партия ат салышууда, алар: "Ата Мекен", "Кыргызстан", "Бир бол", "Ар Намыс", "Аалам", "Азаттык", "Республ ... Толугу менен окуу »

Категория: Саясат | Просмотров: 616 | Дата: 04.09.2015 | Комментарии (0)

Мындан ары Жол кайгуул кызматкерлери өз унааларын кызматтык унаа катары пайдалана баштайт. Мындай буйрукту ЖКК жетекчиси Сергей Дьяченко кабыл алды деп маалымдады ИИМдин басма сөз кызматы. Кабарлоого ылайык, учурда кызматтык унаалар жетишсиз. Ага байланыштуу эми кызматкерлер өздүк унааларын атайын жабдыктар менен камсыз кылса гана, аны кызматтык унаа катары пайдалана алат. Ошондой эле ар бир унаага "MVD" деген серия менен мамлекеттик номер берилип, тиешелүү документтер толтурулат. Андан соң атайын келишимдер түзүлөт да, кызмат өтөө графиги Жол кайгуул кызматынын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат. Эсиңиздерге салсак, 2012-жылы ЖККнын кызматкерлерине жеке менчик унааларды кызматтык унаа катары па ... Толугу менен окуу »

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 782 | Дата: 04.09.2015 | Комментарии (0)