8
Главная » 2015 » Сентябрь » 05

Украинанын президентинин расмий сайтында Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвилини премьер-министрликке дайындоо талабы камтылган электрондук петиция (жогорку өкмөткө жазылган көпчүлүктүн өтүнүчү) жайгаштырылды.  Бүгүнкү күнү ага 1500 кишиден ашуун киши жазылды. Ал эми керектүү добуш - 25 миң киши. Бул үчүн 90 күн убакыт берилди. Эсиңиздерге салсак, Михаил Саакашвили Грузиянын мурдагы президенти. Экс-президент 2013-жылдын 13-ноябрда бийликтен түшүп, өз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Андан соң, 2015-жылдын 13-февралынан тарта Украинанын президентинин кеңешчиси жана 30-майдан тарта Одесса облусунун губернатору. 

Кошумча: Өткөн аптада Президенттин басма сөз кызматы Порошенко Өкмөткө жиберилген пет ... Толугу менен окуу »

Категория: Саясат | Просмотров: 558 | Дата: 05.09.2015 | Комментарии (0)

"Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобуна каршы күрөшүү аскердик коалициясына Орусиянын катышары тууралуу айтуу али эрте. Мындай пикирин Орусиянын президенти Владимир Путин билдирди. "Муну жасай аларыбыз тууралуу айтуу азыр эртелик кылат. Бирок, биз Сирияга техника, аскер кызматкерлерин даярдоо жагынан олуттуу жардам бере алабыз",-деди ал. Анын айтымында, АКШнын "Ислам мамлекетине" каршы жасап жаткан аракетинин эффективдүүлүгү өтө жогору эмес. Эскерте кетсек, аталган террордук топ көптөгөн мамлекеттер менен катар Орусияда да террордук уюм катары кабылданган. 

Кошумча: 20-августта Босфордо Орусияга таандык десанттык оор "Тапир" классындагы корабль байкалган. Айры ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 541 | Дата: 05.09.2015 | Комментарии (0)

Кечээ, 3-сентябрда Кыргызстандын улуттук футбол курамасы конокто Иорданиянын курамасы менен жолугушту. Беттеш Амман шаарындагы "Аль-Хассан" стадионунда өтүп, эсеп - 0:0 менен жыйынтыкталды. Бул 2018-жылы Орусияда өтүүчү дүйнөлүк чемпионаттын "Азия" зонасындагы тандоо раундунун, 3-айлампасы эле. Жолугушууга чейин командаларда 3төн упай болгон жана турнирдик таблицада 2-орунду бөлүшкөн. Эми эки командага тең 1 ден упай берилет. 

Категория: Спорт | Просмотров: 688 | Дата: 05.09.2015 | Комментарии (0)

1945-жылдын августунун аяк чени, Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктаган маал. Тагыраак айтканда, мындан 70 жыл мурда СССР Курилдеги талаштуу төрт аралды ээлеп алган. Өз учурунда Сталин “ушул убакыттан баштап Куриль аралдары Советтер Союзун океан менен түзмө-түз байланыштыруучу аймак болот" деп айткан. Ал окуядан бери арадан 70 жыл убакыт өттү. Бирок Москва менен Токио расмий тынчтык келишимине азыркыга чейин кол коё албай келе жатышат. Жапония Курилдеги төрт аралды өзүнүн түндүк аймагы катары эсептейт. Антсе да аралдардын абалы 1990-2000-жылдардан бери начарлап, унутта калып, аскерлер да, чек ара кызматкерлери да аны таштап кеткен. Ал эми туруктуу эл түштүк (Кунашир жана Итируп) жана түндүк ( Парамишир жана Ш ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 869 | Дата: 05.09.2015 | Комментарии (0)