12:46 үгүн журналисттердин Эл аралык тилектештик күнү | |
Эскерте кетсек, Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу эркин деп таанылган. Эл аралык “Чектелбеген репортерлор” (Reporters without borders) уюмунун 2015-жылдагы “дүйнөлүк басма сөздүн эркиндик индексин” иликтөө жыйынтыгында Кыргызстан 88-орунга чыккан. Өткөн жылы - 97, ал эми 2012 - 2013-жылдары 106-орунда болчу. Иликтөөгө дүйнөнүн 180 өлкөсү тартылган. 178-орундагы Түркмөнстан сөз эркиндиги ооздукталган өлкө болуп эсептелет. Тажикстан 116-орунда, 160-тизмеде Казакстан. Өзбекстан 166-орунга жайгашкан. Эл аралык уюмдун иликтөөсүндө Орусия сөз эркиндиги боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн ичинде 152-орунда турат. “Чек арасыз репортерлор” уюмунун ырасташынча, алдыңкы үч орунду Финляндия, Норвегия жана Дания өлкөлөрү ээлейт. Кошумча: кыргызстандык журналисттер да бул күндү кесиптик майрамдардын бири катары белгилешет. | |
|
Всего комментариев: 0 | |
| |