8
Главная » 2015 » Сентябрь » 11 » Украина. Экс-президент Януковичтин үйү 1,3 млн. долларга сатылат
15:52
Украина. Экс-президент Януковичтин үйү 1,3 млн. долларга сатылат

Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин үйү 1,3 млн. долларга сатылат. Маалыматка ылайык, коюлган баада арзандатуу болбойт. Үй курулгандан бери анда эч ким жашаган эмес жана үйдүн жаңы ээси бир катар ремонт жасашы керек болот. ABCnews кабарлагандай учурда кардар табылган жана ошол себептен үйдү кеңири тааныштырууга болбойт.

Үй Киевтин Оболон районунун кадыр-барктуу аймагында жайгашкан. Бул чөлкөм катуу көзөмөлдөгү элиталардын шаарчасы аталат. 3-кабаттуу имараттын аянты 1200 кв.м, жер тилкеси 8 сотых. Ал эми ички бөлүгүндө спортзал, бир канча эс алуучу, иштөөгө ылайыкталган жана конок тосуучу бөлмөлөрү, ошондой эле кышкы аянтчасы менен кошо мансарддар бар.$IMAGE2$

Категория: Дүйнө | Просмотров: 610 | Добавил: VIP | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }