8
Главная » 2015 » Сентябрь » 7 » Качкындардын кейпин жамынган 4 миң террорист Европага сүңгүдү
22:47
Качкындардын кейпин жамынган 4 миң террорист Европага сүңгүдү

 "Ислам мамлекетинин" 4 миңдей террористи качкындар кейпинде Европага сүңгүп кетти. Мындай маалыматты Sunday Express басылмасы жазат. "Ошентип "Ислам Мамлекетинин" Европага өз террористтерин "ыргытуу" операциясы ийгиликтүү өтүүдө",-деп баяндайт басылма. Андагы маалыматка ылайык, түрк качкын өзү 10 чакты террористке Евробиримдиктин чек арасынан өтүүгө жардам бергенин айткан. Эскерте кетсек, ушул жекшембиде Венгриянын чек арасы аркылуу Австрияга кирген сириялык качкындардын саны 15 миңден ашты.

Кошумча: Ар жыл сайын Жакынкы Чыгыштан Грецияга карай жана Түркия аркылуу миңдеген качкындар жол тартат. Алардын дээрлик бардыгы өз Мекениндеги согуштан - Сириядан качкандар. Качкындардын арасында ирактык жана ооганстандыктар да бар. Ал эми БУУнун качкындар менен иштөө агенттигинин маалыматына ылайык, бул жылы Жер Ортолук деңизин 300 миң качкын басып өттү. Алардын 200 миңи учурда Грецияда. Ал эми мигранттардын каргашалуу, ары ишенимдүү жолу аталган Эгей дарыясы быйыл 2500 кишинин башын жутту.

Категория: Дүйнө | Просмотров: 598 | Добавил: VIP | Теги: Качкындардын кейпин жамынган 4 миң | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }