Орусиянын авиациясы Сирияга биринчи авиасоккусун жиберди. Бул тууралуу шашылыш америкалык ишеничтүү булактар кабарлады деп жазат Би-Би-Си. Ага ылайык, сокку Хомс районуна урулган. Анда учурда Орусиянын аймагында тыюу салынган "Ислам мамлекетинин" террорчулары жана сириялык бийликтин айрым аскерлери бар эле. Бизге жеткен кабарларга ылайык, андан 27 киши каза тапты, анын алтоо жаш балдар. Буга чейин Сирия өз президенти Башар Асаддын Путинге жиберген катынан соң Орусия аскер авиациясын жибергенин билдирген. Ал эми бүгүн, 30-сентябрда Федерация Кеңеши Орусиянын аскер күчүн өлкөдөн тыш колдонууну бир добуштан колдоп, уруксат берди. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматтык тастыктоосуна таянсак, ... Толугу менен окуу » |
Парламенттик шайлоого аттанган 14 партиянын ичинен КСДП саясий партиясы фондуна эң көп, 103 млн. сом топтоп, анын 65 миллион сомун бүгүнкү күнгө чейинки үгүт иштерине жумшады. Аталган партия учурда эң көп каражат сарптаган партия катары эсептелүүдө. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты. Ал эми кийинки кезекте “Өнүгүү-Прогресс” партиясы турат. Аталган партиянын фондунда 93 млн сом болсо, “Республика-Ата Журт” партиясында 83 млн. жана “Ата Мекен” партиясында 69 миллион сом топтолгон. Ал эми 7 млн. сомго жетпеген фонду менен “Мекен Ынтымагы” партиясы тизменин эң артында турат. Эскерте кетсек, мыйзам боюнча саясий партиялардын шайлоо фондунун эң жогор ... Толугу менен окуу » |
Тажикстандын күч органдары Коопсуздук министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоддун өлтүрүлгөндүгүн тастыкташты. Өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, генерал-майор жана анын 11 тарапташы атайын операция учурунда жок кылынды. "Террорчулар колго түшүү сунушуна макул болгон жок жана катуу каршылык көрсөтүштү" - деп айтылат билдирүүдө. Буга чейинки атышууларда антитеррордук бөлүмдүн командири, полковник Рустам Амакиев жана ОМОН менен "Альфанын" үч кызматкери жок кылынганы маалым болгон эле. Эскерте кетсек, тажик бийлиги Назарзод жана анын тарапташтарын (4-6-сентябрь күндөр аралыгында) күч органдарынын штабдарына бир к ... Толугу менен окуу » |
Индиянын Бихар штатынын миңдеген атуулдары премьер-министр Нарендра Модиге нараазычылык катары өз чачтарын жана тырмактарын жиберишүүдө. Жарандар бул "белеги" аркылуу өкмөт башчынын акаарат келтирип айткан сөзүнө жооп бергиси келет. Почта кызматкерлеринин айтымында, премьер-министрге буга чейин 2-3 мүшөк гана буюмдар келсе, акыркы күндөрү ага дээрлик 50 гө жакын мүшөк келип түшкөн. Эскерте кетсек, мындай өзгөчө нараазычылык акциясына себеп болгон окуя төмөндөгүчө болгон. Бихар штатынын саясатчысы Нитиш Кумар премьер-министрдин партиясынан өз партиясынын мүчөлөрүн алып чыгып кетүү чечимин кабыл алгандыгын айткан. Бул чечимди уккан премьер-министр бихарлык саясатчыга "Сиздин саясаттагы ... Толугу менен окуу » |
КТРКнын түз эфиринде “Ата Мекенчи”, КСДПчы талапкерлерди "Азаттыкчы" Дайырбек Орунбеков сынга алды. Кечээ, 16-сентябрда КТРКнын “Ой-Ордо” ток-шоусуна 14 партиянын жаш талапкерлери келди. Сѳз башында ар кандай убадалар айтылганы менен ток-шоу ортолой, жаш талапкерлер бири-бирине тил кайрап башташты. “Ата Мекен” партиясынын жаш талапкери Жоомарт Сапарбаев “биздин партия коррупция менен күрѳштү улантабыз”,-деген сөзүн айтса, буга жооп кылып, “Азаттык” партиясынан талапкер болгон журналист Д. Орунбеков, “5 жыл аралыгында коррупция менен күрѳшүп жатабыз деп, ЖККлардан 500 сом пара алганын кармап, майда кызматкерлердин акча алгандарын жа ... Толугу менен окуу » |
Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин үйү 1,3 млн. долларга сатылат. Маалыматка ылайык, коюлган баада арзандатуу болбойт. Үй курулгандан бери анда эч ким жашаган эмес жана үйдүн жаңы ээси бир катар ремонт жасашы керек болот. ABCnews кабарлагандай учурда кардар табылган жана ошол себептен үйдү кеңири тааныштырууга болбойт. Үй Киевтин Оболон районунун кадыр-барктуу аймагында жайгашкан. Бул чөлкөм катуу көзөмөлдөгү элиталардын шаарчасы аталат. 3-кабаттуу имараттын аянты 1200 кв.м, жер тилкеси 8 сотых. Ал эми ички бөлүгүндө спортзал, бир канча эс алуучу, иштөөгө ылайыкталган жана конок тосуучу бөлмөлөрү, ошондой эле кышкы аянтчасы менен кошо мансарддар бар. ... Толугу менен окуу » |
Сайт бүгүндөн тарта өз окурмандарынын назарына дагы бир рубрикасын сунуштайт. Тагыраак айтканда, "Сүрөттөр сүйлөгөндө" рубрикасынын жардамы менен эми ааламдын төрт бурчунан тартылып алынган сүрөттөрдөн маалында кабардар болуп туруу мүмкүнчүлүгү жаралмакчы. Урматтуу окурман, алдыда кечээ, 9-сентябрда тартылып алынган сүрөттөр баяны. Кабардар болуңуз!
1 сүрөт ... Толугу менен окуу » |