8
Главная » 2015 » Сентябрь » 18 » Тажикстан. Террордук топту жетектеген генерал-майор жок кылынды
15:21
Тажикстан. Террордук топту жетектеген генерал-майор жок кылынды

Тажикстандын күч органдары Коопсуздук министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоддун өлтүрүлгөндүгүн тастыкташты. Өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, генерал-майор жана анын 11 тарапташы атайын операция учурунда жок кылынды. "Террорчулар колго түшүү сунушуна макул болгон жок жана катуу каршылык көрсөтүштү" - деп айтылат билдирүүдө. Буга чейинки атышууларда антитеррордук бөлүмдүн командири, полковник Рустам Амакиев жана ОМОН менен "Альфанын" үч кызматкери жок кылынганы маалым болгон эле. 

Эскерте кетсек, тажик бийлиги Назарзод жана анын тарапташтарын (4-6-сентябрь күндөр аралыгында) күч органдарынын штабдарына бир катар кол салууларды уюштурган деп күнөөлөп жатат. Куралдуу кол салуунун натыйжасында 20 дан ашуун жаран каза таап, ондон ашуун шектүүлөр колго түшүрүлгөн.

Просмотров: 620 | Добавил: VIP | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }