1945-жылдын августунун аяк чени, Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктаган маал. Тагыраак айтканда, мындан 70 жыл мурда СССР Курилдеги талаштуу төрт аралды ээлеп алган. Өз учурунда Сталин “ушул убакыттан баштап Куриль аралдары Советтер Союзун океан менен түзмө-түз байланыштыруучу аймак болот" деп айткан. Ал окуядан бери арадан 70 жыл убакыт өттү. Бирок Москва менен Токио расмий тынчтык келишимине азыркыга чейин кол коё албай келе жатышат. Жапония Курилдеги төрт аралды өзүнүн түндүк аймагы катары эсептейт. Антсе да аралдардын абалы 1990-2000-жылдардан бери начарлап, унутта калып, аскерлер да, чек ара кызматкерлери да аны таштап кеткен. Ал эми туруктуу эл түштүк (Кунашир жана Итируп) жана түндүк ( Парамишир жана Ш ... Толугу менен окуу » |
Мугалимдердин айлык маянасын көбөйтүү үчүн бюджеттен 6,6 млрд. сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин жана мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн, 2016-жылга бюджеттин долбоору боюнча талкуунун жүрүшүндө айтылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Сунушталган мыйзам долбооруна мугалимдердин, мамлекеттик кызматчы эместердин, кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу тууралуу программа киргизилген. Ага ылайык, - мугалимдердин маянасын жогорулатууга 6,6 млрд. сом; - мамлекеттик кызматчы эместердин маянасын көбөйтүүгө 1 млрд. сом; - кенже жана техникалык тейлөө кызматкерлеринин (КТК, ТТ ... Толугу менен окуу » |
Япония Пан Ги Мундун Кытайдагы аскердик парадка баргандыгын туура эмес деп баалады. Тагыраак айтканда, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун Кытайдагы Экинчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына арналган аскердик парадка катышуусу Япониянын сынына кабылтты. Бул тууралуу Япониянын баш катчысы Ёсихидэ Суга да өзүнүн расмий позициясын билдирген. “Тарыхтын бөлүнгөн этабынын ар бирине өзгөчө көңүл буруу туура эмес жана БУУ ар дайым нейтралдуу тарапта болуусу шарт. Жободо жазылгандай, БУУнун максаты - адамдарды тынчтыкка бириктирүү. Ал эми Пан Ги Мундун парадка катышкандыгы жана өз сөзүндө Кытайдын аскердик бөлүгүнүн күчтөнүүсүн колдойт экендиги максатка дал келбейт",-деди ал. Эске салсак, кеч ... Толугу менен окуу » |
Бүгүн, 3-сентябрда Парламенттик шайлоодогу үгүт иштерине расмий уруксат берилди. Эми шайлоого аттанып жаткан партиялар жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүүгө толук укуктуу. Жарнамалоо иштери шайлоого бир күн калганда, тагырак айтканда, 3-октябрда токтотулат. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, партиялар жөнүндөгү PR-макалаларды, үгүттөөчү маек жана маалыматтарды буга чейин каттоодон өткөн гезит-журналдар менен теле-радиолор гана жарыялоого укуктуу. Кошумча: Парламенттик шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген. Ага 14 партия ат салышууда, алар: "Ата Мекен", "Кыргызстан", "Бир бол", "Ар Намыс", "Аалам", "Азаттык", "Республ ... Толугу менен окуу » |
Мындан ары Жол кайгуул кызматкерлери өз унааларын кызматтык унаа катары пайдалана баштайт. Мындай буйрукту ЖКК жетекчиси Сергей Дьяченко кабыл алды деп маалымдады ИИМдин басма сөз кызматы. Кабарлоого ылайык, учурда кызматтык унаалар жетишсиз. Ага байланыштуу эми кызматкерлер өздүк унааларын атайын жабдыктар менен камсыз кылса гана, аны кызматтык унаа катары пайдалана алат. Ошондой эле ар бир унаага "MVD" деген серия менен мамлекеттик номер берилип, тиешелүү документтер толтурулат. Андан соң атайын келишимдер түзүлөт да, кызмат өтөө графиги Жол кайгуул кызматынын тиешелүү бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат. Эсиңиздерге салсак, 2012-жылы ЖККнын кызматкерлерине жеке менчик унааларды кызматтык унаа катары па ... Толугу менен окуу » |
Буга байланыштуу регламент 25-августтан тартып күчүнө кирди.
"Кыргызстандын унааларын Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) бирдиктүү бажы баасы менен, тактап айтканда бажы салыгын төлөбөй туруп Казакстанга ташууга 2020-жылдын 1-январынан тартып гана уруксат беришет. Бул тууралуу Tengrinews.kz булагы жазып чыкты. Буга байланыштуу регламент 25-навгусттан тартып күчүнө кирди",-деп кабарлайт КРдин Экономика министрлигинин басма сөз кызматы. Документке ылайык, Кыргызстанда колдонулган унааларды Кыргызстандын жараны убактылуу айдап киргенден тышкаркы учурда Казакстандын аймагына ташып кирүүгө уруксат берилбейт. Калган баардык учурларда унааларга Кыргызстан ЕАЭБгк ... Толугу менен окуу » |
Египет туризм тармагында орус рублинин колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатат. Бул тууралуу республиканын президенти Абдель Фаттах ас-Сиси ТАСС кызматынын башчысынын биринчи орун басары Михаил Гусманга берген маегинде билдирди. "Биз туристтик инфрастуктураны кеңейтүү үчүн көптөгөн аракеттерди жасап жатабыз. Анын ичинде орусиялык туристтерге түрдүү шарттарды түзүүдөбүз. Учурда болуп жаткан доллардын курсуна байланыштуу көйгөйлөрдү эске алып, орус валютасын колдонууга даярбыз", - деп белгилеген египеттик лидер. |
Монакодо 27-август, өткөн сезондун жыйынтыгы менен Европанын мыкты футболчусу аныкталды. Жыйынтыгында, "Барселонанын" чабуулчусу жана Аргентинанын улуттук курама командасынын оюнчусу Лионель Месси 2014-2015 сезонунун европалык мыкты футболчусу деп аталды. Мессиден сырткары мыкты оюнчу наамына Мадридтик "Реал" жана Португалиянын жарым коргоочусу Криштиану Роналду жана "Барса" командасынын форварды Луис Суарес талапкер болгон. Кошумча: Лионель Месси өткөн сезондун жыйынтыгы менен жалпы жонунан 58 ирет дарбазага топ киргизген. "Барсанын" курамында Чемпиондор Лигасын багындырып, Испания чемпиону жана Король кубогу үчүн турнирдин чемпиону болгон. |
АКШнын Виржиния штатындагы Манассас шаарчасынын 17-жаштагы тургуну Али Шукри Амин 11 жылга эркинен ажыратылды. Ага “Ислам мамлекети” террордук тобуна жардам берген деген айып тагылган. Соттун чечимине ылайык, ал камактан чыккандан кийин да өмүр бою полициянын көзөмөлүндө болот. Иликтөөлөрдүн негизинде, Амин интернеттеги террордук топтун тарапкерлерине каржылык көмөк көрсөткөн жана социалдык тармактар аркылуу виртуалдык Bitcoin валютасын колдонуу ыкмаларын үйрөткөндүгү үчүн июнь айында ал күнөөлүү деп табылган эле. Амин экстремисттерге материалдык колдоо көрсөткөн эң жаш америкалык болуп саналат. |