8
Главная » 2015 » Сентябрь » 18 » КТРКнын түз эфиринде Д. Орунбеков башка партия өкүлдөрүн сынга алды
15:20
КТРКнын түз эфиринде Д. Орунбеков башка партия өкүлдөрүн сынга алды

 КТРКнын түз эфиринде “Ата Мекенчи”, КСДПчы талапкерлерди "Азаттыкчы" Дайырбек Орунбеков сынга алды. Кечээ, 16-сентябрда КТРКнын “Ой-Ордо” ток-шоусуна 14 партиянын жаш талапкерлери келди. Сѳз башында ар кандай убадалар айтылганы менен ток-шоу ортолой, жаш талапкерлер бири-бирине тил кайрап башташты. “Ата Мекен” партиясынын жаш талапкери Жоомарт Сапарбаев “биздин партия коррупция менен күрѳштү улантабыз”,-деген сөзүн айтса, буга жооп кылып, “Азаттык” партиясынан талапкер болгон журналист Д. Орунбеков, “5 жыл аралыгында коррупция менен күрѳшүп жатабыз деп, ЖККлардан 500 сом пара алганын кармап, майда кызматкерлердин акча алгандарын жарыя кылдыңар. “Ата Мекен” партиясы Максим Бакиевден калган БНКны 3 миллион долларга сатып алып, 39 миллион долларга сатып пайда кѳрдүңѳр. Мына ушул коррупция”,-деп айтты. Мындай сынга чычалаган Ж. Сапарбаев темадан четтеп, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибековду кызматтан кетиргенин баса белгиледи. Ошондой эле А. Келдибеков “Азаттык” партиясын каржылап жатканын айтып темадан четтей түштү.

Муну менен катар "жаштарды жумуш менен камсыз кылып, аларга үй салып бербиз" деген убаданы КСДПнын талапкери Жанар Акаев да айтты. Ал эми Д.Орунбеков "силердин партияңар азыр да бийликте. 5 жыл бою бийликте отурдуңар, эмнеге мурда кылган жоксуңар? КСДПнын жаштарга үй салып бергенге ким тоскоол кылды?!”,-деп суроо узатты.

Просмотров: 571 | Добавил: VIP | Теги: КТРКнын түз эфиринде Д. Орунбеков б | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }