8
Главная » 2015 » Сентябрь » 18 » Үгүт иштерине эң көп каражатты КСДП партиясы сарптоодо
15:23
Үгүт иштерине эң көп каражатты КСДП партиясы сарптоодо

Парламенттик шайлоого аттанган 14 партиянын ичинен КСДП саясий партиясы фондуна эң көп, 103 млн. сом топтоп, анын 65 миллион сомун бүгүнкү күнгө чейинки үгүт иштерине жумшады. Аталган партия учурда эң көп каражат сарптаган партия катары эсептелүүдө. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты. Ал эми кийинки кезекте “Өнүгүү-Прогресс” партиясы турат. Аталган партиянын фондунда 93 млн сом болсо, “Республика-Ата Журт” партиясында 83 млн. жана “Ата Мекен” партиясында 69 миллион сом топтолгон. Ал эми 7 млн. сомго жетпеген фонду менен “Мекен Ынтымагы” партиясы тизменин эң артында турат. 

Эскерте кетсек, мыйзам боюнча саясий партиялардын шайлоо фондунун эң жогорку чеги 500 млн. сом. Ошондой эле ар бир партия шайлоого катышуу үчүн 5 млн. сом күрөө төлөйт. Учурда белгиленген сумманы төлөп 14 партия шайлоого ат салышканы менен алар 5 % кем добуш алса, анда төлөнгөн күрөө кайтарылбайт.

Категория: Саясат | Просмотров: 655 | Добавил: VIP | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }