8
Главная » 2015 » Сентябрь » 10 » Apple iPhone 6S жана iPhone 6S Plus смартфонун чыгарды
13:54
Apple iPhone 6S жана iPhone 6S Plus смартфонун чыгарды

Apple компаниясы iPhone 6S жана iPhone 6S Plus үлгүсүндөгү эки смартфонду тааныштырды. Смартфон баштапкыдай эле дизайн менен чыгарылды, бирок акционердик коомдун директору Тим Куктун белгилешинче, ички түзүмдүн баары өзгөртүлдү. Жалгыз көрүнөө айырма - аппаратка кызгылт алтын түс киргизилди. Ошондой эле бул иретки Айфон жеңил жана катуу баскылоого сезгич келет. Ал эми камерасы 8 мегапикселден 12 мега пикселге алмаштырылып, смартфон 4К - 4096 ны 2160 пикселде видео тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

iPhone`дун жаңы үлгүлөрү 25-сентябрдан тарта сатыкка чыгат. 6S моделинин баасы АКШнын келишимине ылайык, 199 доллардан 399 долларга чейин болсо, 6S Plus үлгүсүндөгү аппарат 299-499 долларга бааланмакчы. 

Категория: Техника | Просмотров: 621 | Добавил: VIP | Теги: iPhone 6S, iPhone 6S Plus | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }