« 1 2 3 4 5 6 7 8 9 »
Атка салгап дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң,
Бир күнү оору, бир күн соо…
Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.

Бетегелүү майданым,
Пейли жакшы жайдарым!
Көлөкөлүү майданым,
Көөнү жакшы жайдарым!

Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келе кот,
Алымкан, муңдууга салбай кыйын иш!..

Кашкардып тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келе кет,
Категория: Поезия | Просмотров: 2373 | Добавил: VIP | Дата: 28.02.2014 | Комментарии (0)

Саякбай Каралаев улуу манасчы,жомокчу болгон. (1894-1971-жж.)

Саякбай Каралаев Тоң районунун Семиз-Бел айылында 1894-жылдын 7- сентябрында туулган. 1917-жылы Кыз ... Читать дальше »
Категория: Кыргыздын улуу инсандары | Просмотров: 7788 | Добавил: VIP | Дата: 21.02.2014 | Комментарии (0)

Салиева Уркуя 1910-жылы азыркы Ноокат районунун Мүркүт кыштагында туулган. Совет бийлигин чындоо үчүн күрөшкөндөрдөн. Кыргыз кыз-келиндеринин ичинен биринчилерден болуп комсомолго, кийин партияга өткөн. Эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшкөн. 1928-жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1929-жылы райондогу алгачкы «Кызыл-Аскер» колхозун уюштурган. 1934-жылы Кыргыз АССР БАКнын мүчөсү.Тап душмандарынын колунан курман болгон. Бишкек жана ... Читать дальше »

Категория: Кыргыздын улуу инсандары | Просмотров: 6715 | Добавил: VIP | Дата: 21.02.2014 | Комментарии (0)

Курманжан Датка - Маматбай кызы 1811-жылы Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында туулуп,1907–жылы каза болгон. Коомдук жана мамлекеттик ишмер. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу катары «Алай ханышасы» деген ат менен белгилүү. 1932-жылы Курманжан 21 жашында Баргы уруусунун бийи Алымбек Датка менен кокусунан жолугуп,көп узабай аны менен тагдырын кошкон. Аны менен 29 жыл жашап,5 балалуу болгон. Курманжан Датка Алымбек Датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлеке ... Читать дальше »

Категория: Кыргыздын улуу инсандары | Просмотров: 4646 | Добавил: VIP | Дата: 21.02.2014 | Комментарии (0)

Кыргыз кыздарынын ысымдары, өз  ысымыңызды бул тизмеге кошуңуз.
Аделя
Адинай
Ажар
Азиза
Аида
Айбийке
Айганыш
Айгерим
Айгуль
Айгумуш
Айдай
Айдана
Айдын
Айжан
Айзада
Айзат
Айке
Айлун
Аймончок
Айнагул
Айниль
Категория: Керектүү | Просмотров: 76619 | Добавил: VIP | Дата: 09.02.2014 | Комментарии (1)

Эртең аркарлар марчага марчалайт,
Эртең аркарлар марчага марчаласа,
Биздин жердеги аркарлар марчага марчалабай, 
Кимдин жериндеги аркарлар марчага марчалайт?

* * *
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт,
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт,
Төрт көпөлөк бөлөк өтөт.

* * *
Былкы-былкы былкы таш,
Былкылдаган кызыл таш,
Таар токум чаар таш,
Тайгаланма кара таш.

* * *
Кара каргаларга ала каргалар үйүр,
... Читать дальше »
Категория: Жаңылмачтар | Просмотров: 1852 | Добавил: VIP | Дата: 09.02.2014 | Комментарии (0)

Оюнчулардын саны 10—25 киши. Оюн өткөрүлүүчү жерге аянтча, талаа, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу, Оюнчулар бир биринин колдорун кармашып тегерек болуп турушат. Өз ара макулдашуу менен ортого эки катышуучу чыгат, алардын бири качып, экинчиси кубалайт.

Оюндун баяны. Буйрук боюнча биринчиси тегерек болуп кол кармашып тургандардын арасынан кача баштайт экинчиси — «ала күчүк» аны кубалап жетүү керек. Бир биринин колдорун кармашып тегерек болуп турушкан оюнчулар «ала күчүккө» тоскоолдук кылышып, качып бараткан оюнчуга жардам беришет. Эгерде «ала күчүк» качып бараткан оюнчуну кубалап жетип алса, алар бири-бири менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Эгерде «ала күчүк» көпкө чейин жетип кармай албаса, тегеректе турган оюнчулардын бирөөсү менен орун алмашат. Оюн катышуучулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн.

Оюндун эрежеси.«Ала күчүк» же качып бараткан оюнчу тегерек болуп тургандардын туурасынан кесип өтүп качууга тыюу салынат. Оюнчулар колдорун к ... Читать дальше »
Категория: Улуттук оюндар | Просмотров: 874 | Добавил: Katagan | Дата: 08.02.2014 | Комментарии (0)