Оюнчулардын саны 10—25 киши. Оюн өткөрүлүүчү жерге аянтча, талаа, спорттук бөлмө. Оюнга даярдануу, Оюнчулар бир биринин колдорун кармашып тегерек болуп турушат. Өз ара макулдашуу менен ортого эки катышуучу чыгат, алардын бири качып, экинчиси кубалайт. Оюндун баяны. Буйрук боюнча биринчиси тегерек болуп кол кармашып тургандардын арасынан кача баштайт экинчиси — «ала күчүк» аны кубалап жетүү керек. Бир биринин колдорун кармашып тегерек болуп турушкан оюнчулар «ала күчүккө» тоскоолдук кылышып, качып бараткан оюнчуга жардам беришет. Эгерде «ала күчүк» качып бараткан оюнчуну кубалап жетип алса, алар бири-бири менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Эгерде «ала күчүк» көпкө чейин жетип кармай албаса, тегеректе турган оюнчулардын бирөөсү менен орун алмашат. Оюн катышуучулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Оюндун эрежеси.«Ала күчүк» же качып бараткан оюнчу тегерек болуп тургандардын туурасынан кесип өтүп качууга тыюу салынат. Оюнчулар колдорун к
...
Читать дальше »
|
Оюнчулардын саны 5—10 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.
Оюнга даярдануу. Оюнга жетекчи шайланат, калган оюнчулар этектерин артка жайышып, малдаш урунуп тегерек болуп отурушат да оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны, Оюнчулар бутуна шарт туруп кетүүгө аракеттенсе, оюн жетекчиси алардын жайылган этектерин тепсеп, ордуларынан тургузбоого шашылат. Бутуна турганы, оюн жетекчиси менен орун алмашкандан кийин оюн кайрадан баштала берет. Оюн алар каалаган убакытка чейин уланат. Жетекчинин ролун жакшы аткарган катышуучу оюндун жеңүүчүсү болуп эсептелинет.
Оюндун эрежеси. Этектерин жыйнап отурууга, бир бирине жардам берүүгө же тоскоолдук кылууга, оюн
...
Читать дальше »
|
Оюнчулардын саны 4—10 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө. Оюнга даярдануу. Оюнчулар экиден болушуп бир бирин карашып тизелерин бүгүшүп чочоюп отурушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны. Оюнчулар тизелерин бүгүп басып жана секирип жүрүшүп бир бирин колдору менен түртүшүп жана тартышып тең салмактарынан чыгарып отургузууга аракеттенишет. Андан кийин оюнчулар атаандаштары менен алмашышып, оюнду кайрадан каалашкан убакытка чейин улантышат. Атаандаштарын тең салмактарынан чыгарып көп ирет жыдыткан адам, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун эрежеси. Тизелерин түздөп тик турууга, бир бирин муштоого, урууга, колдун манжаларын кайрууга, кийимдерден, чачтардан кармоого, чурулдоого болбойт,
|
Оюнчулардын саны 3—5 киши.
Өткөрүлүүчү жер: аянтча, таштуу жер.
Оюнга даярдануу Адегенде оюн өтчү жерге таштарды 30 см. 1 м. аралыкта тизип алып оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алынат. Ар ким өз кезеги келгенде бир бутун тизеден бүгүп, жерге тийгизбестен, тизилген таштардын үстүндө тең салмагын жоготпой басуу керек. Оюнчулардын аракети 3—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Тең салмагын жоготпой бир буту менен таштарды басып өткөн оюнчу жеңип чыгат.
Оюндун эрежеси. Бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, таштарды ордунан жылдырууга, тең салмакты жоготкондой кийин таш үстүндө басууну улантууга болбойт.
Оюндун тарбиялык мааниси — тең салмакты сактоого, чыдамкайлыкка, арал
...
Читать дальше »
|
Оюнчулардын саны 5—6 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.
Оюнга даярдануу. Оюнчулар бир катар болуп турушуп, оюн өткөрүлүүчү аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышкандан кийин, тизелерин бүгүшүп. чочоюп отурушат.
Оюндун баяны. Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, катышуучулар өрдөкчө басышып белгиленген аралыктан тез өтүүгө аракеттенишет. Оюнчулардын аракети 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи өрдөкчө басып келгени болот.
Оюндун башка түрү: Чочоюп отуруп, секирип жүрүү эки тизе менен басуу.
Оюндун эрежеси. Буйруктан мурда баштоого, туруп басууга, аралыкты толук басып өтпөй ко
...
Читать дальше »
|
Оюнчулардын саны 2—10 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа спорттук бөлмө.
Оюнга даярдануу. Катышуучулар бир катар болуп турушуп алып оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышкандан кийин кош аяктап күтүп турушат.
Оюндун баяны. Оюнга катышуучулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча оюнчулар белгиленген аралыктан кош аяктап жүгүрүп өтүү керек. Оюн 2—3 жолу
кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келгени жеңүүчү болот.
Оюндун башка түрлөрү бар: Маселен, чалкалап, кол жана буттарды ракка окшотуп басуу. Өрдөкчө майпаңдап басуу ж. б.
|
Оюнчулардын саны 4—8 киши. Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө, Оюнга даярдануу. Оюнга жетекчи шайланат, калган оюнчулар бир катар болуп турушкандан кийин оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп
алышат.
Оюндун баяны, Жетекчисинин талабы боюнча, катышуучулар белгиленген аралыктан кайсыдыр айбандын бирөөнүн басканын туурап өтүшөт. Оюн өзүлөрү каалаган убакытка чейин уланат да, оюндун шартын жакшы аткарганы жеңүүчү болот.
Оюндун эрежеси. Тапшырмадан чыгууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, белгиленген аралыкты толук өтпөй коюга болбойт.
Оюндун мааниси. Ар кандай ыкма менен басуунун жолдорун үйрөтөт, айбандар жөнүндө кеңири
...
Читать дальше »
|
Оюнчулардын саны 5—15 киши.
Оюнга даярдануу: Жетекчи шайланат да, калган оюнчулар бир катар болуп турушкандан кийин оюн өткөрүлүүчү аралык, шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны. Жетекчисинин буйругу боюнча катышуучулар белгиленген аралыктан жөө басып тез өтүүгө аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келгени оюндун жеңүүчүсү болуп эсептелинет.
Оюндун башка дагы түрлөрү. Таяк таянып басуу, таякты желкеге коюп басуу, таякты белге коюп басуу, дөңгө басып чыгуу, дөңгө басып түшүү, кумда басуу, сууда басуу, карда басуу, айдалган жерде басуу, ылай жерде басуу, чөптө басуу.
Оюндун эрежеси: Буйруктан мурда басууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, жүгүрүүгө, аралыктан толук өтпөй коюуга болбойт.
Оюндун мааниси, Күчтүүлүгүнө, чыдамкайлыкка тарбиялайт. Бойду түз, тыкан алып жүрүү
...
Читать дальше »
|
Селкинчек тебүү бул Кыргыз эл оюндарына кирет. Ар кандай той-аштарда даракка селкинчек жасашып 2-6 га чейинки кыз жигит чыгып селкинчек тебишет. Оюн убактысы чексиз канча каалашса ошончо. Эрежелер: Жакындоого, тосколдук берүүгө мүмкүн эмес.Айта кетсек азыр аны ТВдан да көрсөңүз болот мисалга Сармерден оюнунда да чет жакта эки жаш селкинчек тееп турушат. Оюнда күч тарбияланат, тең салмакты сактоого, чечкиндүүлүккө, тартипти сактоого үйрөтөт.
|
Кыргыз эли сөзгө өтө бай эле. Кыргыз элинин оозеки адабияты абдан өнүккөн. Кыргыздар макалга бай калк болгондуктан элдик оюндарга макал айтышуу да кирет... Бул оюнду көчөдө гана эмес сабактарда да уюштуруп турушат... Мисалга 2-3 окуучуну доскага чыгарып... Бул оюндун эрежеси оңой эле макал айтышып эки жактын бирөөсү макал айталбай, таппай калса ал жак жеңилген болот.
|
|