« 1 2 3 4 5 ... 8 9 »
Кыш айы
Келе жаткан биз жакка жолун аппак,
Келиштирип кийинген тонун аппак.
Келе берсин токочтуу берекелер,
Кебезге окшоп былбылдап колуң аппак.

Бөбөктөргө арнаган чанасы аппак.
Балпандатып ээрчиткен баласы аппак.

Бардык сулуу көздөрдү чакыргансыйт.
Бак аягы көз жеткис талаасы аппак.

Мезгилдерден мен сүйгөн ынагымсың,
Мен мен деп төш урган убагым чын.
Келген сайын ыр менен тоссом дагы,
Келе жатат түгөнбөй уламышым.
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 797 | Добавил: VIP | Дата: 14.03.2014 | Комментарии (0)

Cулуу тоолор
Кышта аппак кийинет,
Кыр-кырларда жүгүрөт.
Кызыгына белчеден,
Кийиктер кызык сүйүнөт.
Кыштын бели ноодадай,
Кыл курттай болуп ийилет.

Жазда жашыл жамынат,
Жашыл мончок тагынат.
Жашыл чачы сууларда,
Жалпы төмөн агылат.
Жан дүйнөсүн акындын,
Жана-жана сагынат.

Жайда кандай кийгенин,
Жаным курбан билбеймин.
Жанына барсам тоолордун,
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 1218 | Добавил: VIP | Дата: 14.03.2014 | Комментарии (0)

«Карача байдын байге бербес күлүгүн жолборс алыптыр» деген кабар айыл-айылга шамалдан тарады. Ат кайтарган жылкычылар бул кабарды Карача бийге кантип угузуунун амалын таба алышпады. Жайдын таңы атып, тоо-тоонун башына күндүн нуру чачырады.
Карача бай желбегей салынып, жалан кепиччен суу жакты көздөй басып келе жатып, жон ылдый бастырып келе жаткан жылкычысын көрүп, токтоп турду. Жылкычы жакын келгенде: «Ит-куштан мал аманбы? – деп кыйкырды. «Карышкырдан аман» деди да жылкычы мукактана түштү. Жылкычы атынан түшүп, байга салам берди, каргылданган үнү менен сөзүн баштады:
Кирпик какпай эле кайтарып чыктык эле, деп жер тиктеди.
Деги айтчы, эмне болду?  деп Карача бай жылкычыны жекире сүйлөдү.
Карышкыр болсо алдырбайт элек, күлүктү жолборс алды деп жылкычы кетенчиктей түштү. «Жолборс алды» дегенге Карача бир жагы та ... Читать дальше »
Категория: Айтыш | Просмотров: 1109 | Добавил: VIP | Дата: 14.03.2014 | Комментарии (0)

Ата-журт
Ата журт! сага дайым ынак болуп,
Ай күнүн турса болду чырак болуп.
Ар күнү ак береке ак токчулук,
Акса дейм, ар төшүңдөн булак болуп.
Ал эми эл кыйнаган тартыпгчылык
Арадан жоголсо экен жылас болуп.

Турсан болду бүпбүтүн мертинбестен,
Тургунуна жоготуу келтирбестен.
Коргой алам күч жетет, акыл жетет
Кумурсканды бей ажал өлтүрбөстөн.
Тилейт элем тик туруп аруу менен,
Турсан болду түн ичи силкинбестен.

Ээнбаш тырмак эт-бетинди чи ... Читать дальше »
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 1114 | Добавил: VIP | Дата: 14.03.2014 | Комментарии (0)

Лирика
Көбүгүн минип дениздин,
Көкүлүн сылап эгиздин.
Канча жанга карматпай,
Кап.лирика дегиздиң.

Түбүн издеп эгиздин,
Ойготуп сырын тегиздин.
Оолукканга опа жок,
Ах, лирика дегиздиң.

Акынга нак келип миң,
Ак эмгегиң эмиздиң.
Айнекти сүйчү аяшты,
Ах, лирика дегиздиң.

Баамчыл зергер акынга.
Балын тоонун жегиздиң.
Баладай жанын балкытып, ... Читать дальше »
Категория: Лирика | Просмотров: 820 | Добавил: VIP | Дата: 14.03.2014 | Комментарии (0)

Кыргыз жамгыры
Башталсаң үйдөн чыгамын,
Бар үнүңдү угамын.
Басылганча алдында,
Балык болуп турамын.

Шыбырыңа жөлөнүп,
Шыбырыңа төңөлип.
Эргийт толкуп жүрөгүм,
Элегине эленип.

Үшүбөйт денем бир дагы,
Үлгүдөй сезем бир жагы.
Үлбүрөп турган короомдо,
Үлгүлүү өсөт гүл жаны.

Ар бир тамчың жыргатат,
Арасында сыр жатат.
Ашык кылган артисти, ... Читать дальше »
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 887 | Добавил: VIP | Дата: 14.03.2014 | Комментарии (0)

Кыргыз абасы
Демек көп жыл шайланып,
Дүнүйө жүзүн айланып.
Дем алып көрдүм байма-бай.
Дүн жибине байланып.

Кан-тамырым кысылып,
Каякадыр учуруп.
Адам болдум арандан,
Алдыма жагып ысырык.

Аман келдим жериме,
Ала-Тоолук элиме.
Кубарган өнүм кызарып,
Кубанып кыргыз тегине.

Абаны менчик жутканда,
Ал күч кирди буттарга.
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 809 | Добавил: VIP | Дата: 14.03.2014 | Комментарии (0)