« 1 2 ... 6 7 8 9 »
Ат чабыш - байыркы замандан бери эле кыргыздын эн кызыктуу оюндарынын бири. Кыргыз эли торттулук мал кутууну кесип кылып келген. Алардын ичинен жылкы озгочо орунду ээлейт. Кыргыз турмушунда жылкы минсе - ат, жук артса - унаа, сааса саан болуп кызмат кылган, сойсо чуйгун эт болгон. Жылкынын жорголору, кулуктору ото жогору бааланып, аларды байгеге кошушкан. Кыз узатып, уул уйлонткондо, тай-аш бергенде ат чабышып, тогуздап байге сайылган. 


Саяпкерлер чабыла турган аттарды бир-эки ай кермеге байлап, азыраак жем-чоп берип, анда-санда тердетип, тан ашырып таптаган. Чабыла турган кулуктордун кокулдору тушурулуп, куйруктары туйулгон. Кулукторду 8-14 жаштагы чыйрак балдар чабышкан. Ат чапчу б ... Читать дальше »
Категория: Улуттук оюндар | Просмотров: 1749 | Добавил: VIP | Дата: 08.02.2014 | Комментарии (0)

  •                                                  "МАНАС" Осуятынан Мамлекеттик идеология
                                                            Гумандуулук, айкөлдүк, кечиримдүүлүк
                                                                                ***
Эл-Журттун ажырагыс биримдиги жан ... Читать дальше »
Категория: Манас | Просмотров: 12295 | Добавил: VIP | Дата: 06.02.2014 | Комментарии (0)

Кыргызстан - бул өлкөдө болжол менен ар бир үчүнчү жараан кыргыз эмес...
Кыргызстан- бул өлкө түндүк жагында жана түштук жагында бирден килтейген чоң базарлары бар өлкө...
Кыргызстан- бул өлкөдө ар бир беш жыл сайын президенти чет өлкөгө качат...
Кыргызстан- бул өлкөдө жеринин 90% тоолор ээлейт, арасында бийиктиги жети миң метрден ашкандары да бар, калган 10% жеринде азыр 4 миллион эл жашайт (дагы бир миллиондон ашыгы чет өлкөлөрдө).
Кыргызстан- бул өлкөдө үйлөнсөң жубайыңын туугандарына да үйлөнөсүн, дароо 200 дөн ашык туугандуу болосун.
Кыргызстан- бул өлкөдө саясатты тили кирген баладан баштап сүйлөшөт.
Кыргызстан - бул өлкөдө эсине кирген балдардан баштап "кетсин" ураанын билишет, ал ураанды көп учурларда колдонушат(президент кетсин!, өкмөт кетсин!, ... Читать дальше »
Категория: Кыргызстан! | Просмотров: 1705 | Добавил: VIP | Дата: 06.02.2014 | Комментарии (0)

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы СССРдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу.

Атасы Төрөкул Айтматов КПССтин Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.
Апасы, Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. Анын атасы Хамза Каракол шаарындагы бай жана интеллектуал татарлардан болгон.
Категория: Кыргыздын улуу инсандары | Просмотров: 3188 | Добавил: VIP | Дата: 06.02.2014 | Комментарии (0)

Ата сыйлаган абийир табат,
Эне сыйлаган элге жагат.

Эненин көөнү балада,
Баланын көөнү талаада.

Бейиш эненин буту астында.


Категория: Макал-Лакаптар | Просмотров: 59352 | Добавил: VIP | Дата: 06.02.2014 | Комментарии (0)

Зуура Сооронбаева 1924-жылы 15-августта Ысык-Көл облусунун Ак-суу районундагы Жолколот айылында жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылык ишти "Ысык-Көл правдасы" гезитинде журналист болуп баштаган. Жазуучу, акын, драматург. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, КРнын Эл жазуучусу.  1943-1979-жылдары "Ысык-Көл правдасы" гезитинде котормочу, кабарчы болуп иштеген. Чыгармачылык жолун 1947-жылы "Корей кызына" деген ырын облустук гезитке жарыялоо менен баштаган. "Чоочун киши", "Астра гүлү" аттуу чыгармалары эл арасына кеңири жайылган. Каракол шаарынын ардактуу тургуну. Республикасынын м ... Читать дальше »
Категория: Кыргыздын улуу инсандары | Просмотров: 2520 | Добавил: VIP | Дата: 06.02.2014 | Комментарии (0)

Семетей — «Семетей» эпосунун баш каарманы, Манастын баласы. Ысым моңголчо «сенге» («чэнггэ», «ценгэ», «ценг») — «кубаныч», «шаттык» дегенден же Орхон-Эне-Сай жазууларында кезиккен, ошол доордогу Борбор жана Орто Азиядагы аскердик жог. башкаруучуну, аскер башчысын туюнткан сөздөн кыргыз тилине ылайыкташтырылган деген пикирлер бар. Ысымдын аягындагы «— тей» бөлүгү түрк-моңгол элдеринин антропонимдеринде кеңири кездешип, адамды эркелетүүнү туюнтат.
Эпикалык салт боюнча Манас менен Каныкей көпкө балалуу болбой, алп Кошойдун батасынан кийин гана Семетей бойго бүтөт. Эпикалык сюжеттин өнүгүш салттарына ылайык С-дин укмуштуу төрөлүшү, келечектеги баатыр дык иштери да символдоштурулуп берилет:
Таманы менен тик тууган,
Категория: Манас | Просмотров: 3184 | Добавил: VIP | Дата: 05.02.2014 | Комментарии (0)

1-7 8-14 ... 36-42 43-49 50-56 57-61