8
Главная » 2014 » Февраль » 21 » Саякбай Каралаев
18:20
Саякбай Каралаев

Саякбай Каралаев улуу манасчы,жомокчу болгон. (1894-1971-жж.)

Саякбай Каралаев Тоң районунун Семиз-Бел айылында 1894-жылдын 7- сентябрында туулган. 1917-жылы Кызыл гвардиячылар отрядына өз ыктыяры менен кошулуп, Кызыл Армия менен бирдикте Сибирде, Алма-Атада, Бухарада Советтик бийликти коргогон. 1921-1931-жж. Каракол районундагы Маман жана Ырдык айылдык кеңешинин башкармасы болуп иштеген. 1930-жылы С.Каралаевди Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын тил жана адабият ИИИсине иштөө үчүн чакырышкан. Анын айтуусу боюнча "Манас" эпосун жазып алышкан. 1936-жылы аны Кыргыз Мамлекеттик филармониясына «Манас» айтуучу катарында кабыл алышкан.
Манасчылык таланты анын балалык кезинде чоң апасы Дакиштин таасири астында ойгонгон. 1918-жылдан С.Каралаев «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү өз алдынча айта баштаган. 1924-жылы ал белгилүү манасчы Чоюке Өмүров менен жолугуп, бир нече жылдар ичинде андан «Манас» эпосун айтууну үйрөнгөн. С.Каралаев өзүнүн эскерүүлөрүндө белгилүү манасчы Акылбек жөнүндө дагы өзүнүн устаты катары эскерген. 1930-жылдан көрүнүктүү манасчы болуп эсептелген.
1935-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча «Манас» эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин «Семетей», «Сейтек» жазылып алынган. Мурда белгисиз болгон Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. «Манас» эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500553 ыр саптарын түзгөн. Дүйнө элдеринин эпостору менен салыштырганда көлөмү боюнча Гомердин «Илиада» жана «Одиссеясынан» 20 эсе, «Шахнамеден» 5 эсе, «Махабхаратадан» 2 эсе чоң.
С.Каралаев «Манас» эпосун бир нече айлар бою үзгүлтүксүз аткара алган. Аны XX кылымдын Гомери деп аташкан.
С.Каралаевдин айтуусунда «Эр Төштүк» эпосу жазылып алынып, 1938-жылы кыргыз тилинде, ал эми 1958-жылы орус тилинде өзүнчө китеп болуп чыккан. Ал тарабынан жомок, поэма, аңгеме түрүндөгү бир катар оригиналдуу чыгармалар жаралган жана өзүнчө басылып чыккан.
1938-жылдан СССР Жазуучулар союзунунун мүчөсү.
1939-жылдан Кыргыз ССРинин Эл артисти.
Үч жолу «Эмгек Кызыл Туу» ордендери, «Ардак белгиси» медалы, Ардак грамоталар менен сыйланган.
Алп манасчы С.Каралаев 1916-жылы үркүндө Кытайга качып барып, 1917 жылы кайтып келген
Тубаса талантын өз элине кызмат кылууга арнаган манасчы 1971-жылы дүйнөдөн кайткан.  
Саякбай Каралаев "Манас”, "Семетей”, "Сейтек” үчилтигин гана айтпастан, аз таанымал болгон "Кенен", "Алымсарык”, "Кулансарык” бөлүктөрүн да айткан. Саякбайга чейин бир да манасчы эпосторду толук айта алган эмес. Анын вариантындагы «Манас» эпосу адабиятчылар тарабынан толук жана көркөмдүү деп табылган. Манасчы С.Каралаев бир нече поэтикалык чыгармалардын автору болгон. Көркөм сөз чеберинин ири өкүлү Чынгыз Айтматов Каралаевдин көп кырдуу талант экенин айткан.
Ал эми азыркы манасчылар Саякбай Каралаевди Манастын пири катары эсептейт. Айрымдардын түшүнө кирип, аян берип турат.  

Бала чак. Өспүрүм курак.

 

Атасы Карала кедей адам болгондуктан, үй-бүлөсү жокчулуктун запкысын көп тартат. Же жокчулук турмуштун айынанбы, же балама батасы тийсин дегенби, атасы Карала мал союлган жерде «Саякбайыма бирдеме бергиле, Саякбайым ооз тийип калсын» деп суранып жүрчү дейт. Өмүрү өткөнчө ал адатын таштабай жүрүп көз жумат. Сакең да өзү бала кезинен ырым тутуп чоңойгонун жашырбайт. Ал жокчулуктун айынан Ысык-Көлдү айланып, улуу манасчы али бешикте кезинде азыркы Жети-Өгүз районундагы Жыдык-Көл деген жерге барып күн көрүүгө аргасыз болот. Саякбай наристе кезинен өспүрүм куракка чейин чоң атасы Сасайдын тарбиясында өскөн. Бир мүчөл жашка келгенде ал чоң атасынан ажырайт. Атасы Карала ырдыктык дунган Жыкынын бир быштысын минип жүрүп өлтүрүп алат. Ал дунган өлгөн атынын кунун кымбат баалап, Карала үч жыл бекер малай болуп жүрүп араң кутулат.
Көрүнүктүү манасчы Саякбай Каралаев жаш күнүндө өчпөстүн отун жагып, өлбөстүн күнүн көрүп өсөт.
Өзү «Унутулгус күндөр» деген китебиндеги эскерүүсүндө жазгандай, жети жашка келип, ата-эненин акылына көнүп, айткан жөнүнө баш ийип, чоңоё баштайт.
Бала кез кандай аземи да, кандай кызык!
…Топураңдап торпок минип, дүнүйө-капар, орок менен божомолдоп арык казып, өтүктү жанбашынан майрык басып, чылгый тонду чубалжыта кийип, бир чырпыкты кунаным деп ат кылып минип, көйнөктөрдүн этегин артка түйүп алып, такымга алаканды чаап камчы уруп ойноп өстүк дейт.
Бала чагыбызда мектеп бетин көрбөй, курсактын айынан айылдан каймак уурдап жедик. «Кемелине келбегин, тентек» деген сөздөрдү көп уктук. Такым эттин баарын тарай-тарай чаптырып, кагуу-согууну көп көрдүк. «Кара чычкак кандай неме эле» деп айылдагылар жек көрдү. Балалыктын ойну, баёо сезим кызыгы көкүрөккө кат болуп, жокчулуктун мүшкүлү көөдөндөн кетпес дат болду. Кыштын кыраан чилдесинде жылаңайлак, жылаңбаш от жанында жаттык. Жокчулуктун азабын так ушинтип тарттык.
Көпөлөктү кушум деп өзөн-сууну бойлодум. Дүнүйөнүн кызыгына эч бир тойбодум. Мурдуман булак суу токтобой чыгып турганда, тондун узун жеңи менен ары-бери сүртүп алчу элем. Кайран жең, какач болуп калчу эле. Жыртыгынан кар кирип кетчү майрык өтүгүм менен ойду коюп, тоону басар элем, «чечек» деп, энебиз жаза-буза бир муштап, буттан сууруп алар эле. Жылаңайлак бут, узун жеңдүү тон менен бул ышкыбоздукту койбой, күрөндүгө чыгып алчу элем. Күрөндүгө чуркап чыга калып, ары-бери өткөн элди карап калар элем. Эгер куш кондуруп, ит ээрчиткен, мылтык асынган киши көрүнө калса, жылаңайлак-жылаңбаш, үшүгөнүмө карабай анын артынан ээрчип, кызыгып кароо менен экинчи айылга жеткенче жүрө берчүмүн.
…Жылаңбаш болгондуктан суукка чыдабай кулагым тырсылдап, бутум какшап, жанды көздөн чыгарчу. Эптеп үйгө жетип, бутумду тонго ороп олтуруп өзүмчө: башка балдарды тайлуу да, тондуу да кылдың, а менде эчтеме жок. Менин эмне жазыгым бар?-деп, ошондогу тагдырыма таарынар элем:

Тай бербестен жөө кылдың,
Жардылык сага не кылдым?
Жарды кылдың жок кылдың.
Жан кейитип кор кылдың.
Бу турмушту тар кылдың,
Карда минип ойнорго,
Бир торпокко зар кылдың.
Эркин ойноп кечүүгө
Бир өтүккө зар кылдың.
Айылдан тамак уурдатып,
Эки колду шок кылдың.
Жыртылып тонум сан бөлөк,
Шоона менен жамадым.
Жаманынан күйгүзүп,
Жардылыктан жададым.
Бир чырпыкты ат кылып,
Тайым го деп минемин.
Бай балдары жарышса,
Майрык басып өтүктү,
Өрттөнүп күйүп жүрөмүн. –
деп, жокчулукка капа болуп, кайгырып, терең ойго чөмүлөөр элем… дейт.

Саякбай Каралаев Чыңгыз Айтматов менен. 

 

 

 536AEAEE-8D1F-4742-9838-E22C7AE0A22F_w64

Сүрөттөрү

sayakbai_karalaev.jpg

i-936.jpg

Категория: Кыргыздын улуу инсандары | Просмотров: 7794 | Добавил: VIP | Теги: Манасчылар, өмүр баян, Саякбай Каралаев биография, Кыргызча | Рейтинг: 1.5/2
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }