«Карача байдын байге бербес күлүгүн жолборс алыптыр» деген кабар айыл-айылга шамалдан тарады. Ат кайтарган жылкычылар бул кабарды Карача бийге кантип угузуунун амалын таба алышпады. Жайдын таңы атып, тоо-тоонун башына күндүн нуру чачырады.
Карача бай желбегей салынып, жалан кепиччен суу жакты көздөй басып келе жатып, жон ылдый бастырып келе жаткан жылкычысын көрүп, токтоп турду. Жылкычы жакын келгенде: «Ит-куштан мал аманбы? – деп кыйкырды. «Карышкырдан аман» деди да жылкычы мукактана түштү. Жылкычы атынан түшүп, байга салам берди, каргылданган үнү менен сөзүн баштады:
Кирпик какпай эле кайтарып чыктык эле, деп жер тиктеди.
Деги айтчы, эмне болду? деп Карача бай жылкычыны жекире сүйлөдү.
Карышкыр болсо алдырбайт элек, күлүктү жолборс алды деп жылкычы кетенчиктей түштү. «Жолборс алды» дегенге Карача бир жагы та
...
Читать дальше »
Категория: Айтыш |
Просмотров: 1110 |
Добавил: VIP |
Дата: 14.03.2014
|