8
Главная » Акындар

Тоонун көркү таш болот,
Боло турган азамат
Он бешинде баш болот,
Эси кеткен бир жаман
Элүүндө жаш болот.
Баланы мээнет басса таз болот,
Жакшы жүрөт даң менен,
Жамандын өмүрү өтөт чаң менен,
Мергендин өмүрү өтөт аң менен.

Асыл жаның аманда
Ак калпак кийген жаанга,
Жигиттикке толгондо
Жүгөнү жок аттайсың.
Жүгүрүп айыл кыдырып,
Түнүндө үйдө жатпайсың,
Бекер басып оолугуп,
Өйдө төмөн каттайсың.
Кыздуу үйдүн эшигин
Кызыгып, кетпей таптайсың.
Кайран жаштык өткөндө,
Кербезденип баспайсың.
«Кеткен экен жаштык» деп
Көңүлүңдү ачпайсың.
Акыл ойлоп насыят
Айтсам сөздүн жөн-жөнүн:
Амал менен алдаса,
Арам ишке көнбөгүн,
Уурулук кыла көрбөгүн.
Ыймансыз болуп өлбөгүн,
Акылың болсо алып кал
Акындык иштин өрнөгүн.
Алтын башка өлүм ак
... Читать дальше »

Категория: Акындар | Просмотров: 953 | Добавил: Admin_Site | Дата: 28.03.2014 | Комментарии (0)

Кештелүү беле өңүрүм,
Кейиштүү бүттү өмүрүм.
Саймалуу беле өңүрүм,
Алтындан беле билегим,
Армандан беле тилегим.
Күмүштөн беле билегим,
Күйүттөн беле тилегим.

Күкүгүң –шактан кеттиби,
Күйүтүү кайгы чектиби?
Айда барып кеп айткан
Журтуң калды, Жеңижок!

Күмүш менен чайкаган,
Кутуң калды, Жеңижок.
Күндө барып ырдаган,
Журтуң калды, Жеңижок!

Ак куржун толо ыр калды,
Алган жарым тул калды.
Көк куржун толо ыр калды,
Кошулган жарым тул калды!

Кызыл ат жорго желдирбей,
Кылым кыргыз чогулса,
Кимдин уулу дедирбей.
Кыямат өтүп барамын,
Кучактап бала мен сүйбөй!..
Карадан жорго желдирбей,
Казак-кыргыз чогулса,
Кайсы бала дедирбей,
Кайгырып кетип б ... Читать дальше »

Категория: Акындар | Просмотров: 1148 | Добавил: Admin_Site | Дата: 28.03.2014 | Комментарии (0)

Жеңижок жаш кезегинде, ала оорусу менен ооругандыктан Ташкара бий аны Аксыга кубалаган. Ошондо качып бара жатып, Бакайыр деген жерде жалгыз талды көрүп, элин-жерин кыялбай жалгызталды кошуп ырдаган:

Бакайырда жалгыз тал,
Баласы жок байкуш тал.
Жол боюнда жалгыз тал,
Жолдошу жок байкуш тал.

Кайрылып келип конгондой,
Каргага түнөк болгондой.
Канаты жок жалгыз тал,
Кайгысы көп байкуш тал.

Бурулуп келип конгондой,
Булбулга түнөк болгондой.
Бутагы жок жалгыз тал,
Муңдуу болгон байкуш тал.

Сен бу жерде жок элең,
Жериң кана жалгыз тал?
Аймактуу чогуу жамагат
Элиң гана жалгыз тал?

Көрүнбөйсүң ыраактан
Караң кана жалгыз тал?
Тегеренип ойногон
Бала ... Читать дальше »

Категория: Акындар | Просмотров: 1434 | Добавил: Admin_Site | Дата: 28.03.2014 | Комментарии (0)