8
Главная » 2014 » Февраль » 21 » Уркуя Салиева
18:17
Уркуя Салиева

Салиева Уркуя 1910-жылы азыркы Ноокат районунун Мүркүт кыштагында туулган. Совет бийлигин чындоо үчүн күрөшкөндөрдөн. Кыргыз кыз-келиндеринин ичинен биринчилерден болуп комсомолго, кийин партияга өткөн. Эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшкөн. 1928-жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1929-жылы райондогу алгачкы «Кызыл-Аскер» колхозун уюштурган. 1934-жылы Кыргыз АССР БАКнын мүчөсү.Тап душмандарынын колунан курман болгон. Бишкек жана Ош шаарларындагы көчөлөргө, Оштогу орто мектепке Уркуя Салиеванын ысымы берилген. Ал жөнүндө Насирдин Байтемиров «Тарых эстелиги» деген документалдуу тарыхый роман жазган. «Уркуя» аттуу көркөм фильм 1971-жылы тартылган. Туулуп өскөн кыштагында жана Бишкекте эстелиги тургузулган.  

Категория: Кыргыздын улуу инсандары | Просмотров: 6718 | Добавил: VIP | Теги: биография, өмүр баяны, Уркуя Салиева Биографиясы | Рейтинг: 4.0/8
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }