« 1 2 3 4 ... 8 9 »
Акыш менен сулайман
Акыш менен Сулайман,
Айтканын уккан калыстын.
Кектешип жүргөн немедей
Далай жерге барыштың.
Жаз кезден берки сөздү айтып
Жакалашып калыштың.
Арачылык кылууга
Айлыңда эмес, алысмын.
Чыкканың ал дээр байге жок,
Чырдашпай энди табышкын!

Туура көрдүм келинди.
«Көрөйүн» деп келиптир
Токтогул деген жөнүмдү.
Айтышканда, Сулайман
Жеңе албайсың келинди.
Чекчеңдей берб ... Читать дальше »
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 999 | Добавил: VIP | Дата: 19.03.2014 | Комментарии (0)

Колхоз жөнүндө
Калың элим жаңырып,
Колдо бары ортодо.
Уюмдашып биригип,
Каршы турду жолтого.
Эмгек кылды Ленин,
Элимдин ишин оңдоого.
Кедей, жарды, кембагал
Эми түштү оң жолго.
Баарысы каршы турушту
Элди жеген чоңдорго.
Каршылыкка катуу тур
Кайраттан, элим, кор болбо!
Катуу сокку ургула,
Кыянат бузук зорлорго.
Келди кедей заманы
Жоголду байлар тарабы.
Баш бербеген бай-манап ... Читать дальше »
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 726 | Добавил: VIP | Дата: 19.03.2014 | Комментарии (0)

Накыл
Актан бүткөн амирди,
Эч бир пенде биле албайт.
Жетесизге кеп айтсаң,
Мойнун бурап тил албайт.

Саратан кетпей тоң болбойт,
Назардан калган чоң болбойт.
Эл менен эрсиң азамат,
Элсиз ишиң  оң болбойт.

Кушту учурган пар болот,
Эрди учурган зар болот.
Жүкчүл төө нар болот.
Боло турган жигитте,
Намыс менен ар болот.

Атадан каргыш алгандар,
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 880 | Добавил: VIP | Дата: 19.03.2014 | Комментарии (0)

Жаман уул, жакшы уул
Жакшы болор уулуң
Он төртүндө октолот,
Он бешинде токтолот,
Жыйырмага чыкканда
Эшигинин алдына
Калдайган жыйын топ болот.

Жаман болор уулуң
Он төртүндө октолбойт,
Он бешинде токтолбойт,
Эшигинин алдында
Калдайган жыйын топ болбойт.

Боз карчыга боодо ойнойт,
Борумдуу жигит жоодо ойнойт,
Болуму жок көр жаман,
Энеси менен аш талашып төрдө ойнойт. ... Читать дальше »
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 961 | Добавил: VIP | Дата: 19.03.2014 | Комментарии (0)

Жеңижок менен Нурмолдо
Өтө жаңыдан ырдап чыкканда өзүнүн бир топ жолдоштору менен Аксынын Кербен базарына базарлап келсе, ал жерде Таш-Көмүрдүн үстундөгү Ак-Суу жеринен келген атактуу чоң ырчы Нурмолдо ырдап атыры дейт.

НУРМОЛДО:
Ак шарият колунда,
Ак пайгамбар жолунда.
Кудай деген пенденин,
Касиети соңунда.
Алла деген кар болбос,
А дүйнөдө зор болбос.
Кудай деген кар болбос,
Көрүстөнү тар болбос
Пайгамбарга дос болор,
Бар сааба чалыяр.
Буйругунда ошонун,
Бүт макулу ... Читать дальше »
Категория: Айтыш | Просмотров: 1916 | Добавил: VIP | Дата: 19.03.2014 | Комментарии (0)

Жакшы кыз жакадагы кундуз,
Жакшы уул коктогу жылдыз. 


Кедей байга,Бай кудайга жетем дептир


мышык майга жетпей сасык дептир...

Ит уро берет кербен журо берет. 

Көз коркок кол баатыр 


Ат оонаган жерде тук калат

Куч бирдикте 

Ат айланып казыгын табат 
Эр айланып мекенин таба ... Читать дальше »
Категория: Макал-Лакаптар | Просмотров: 2169 | Добавил: VIP | Дата: 19.03.2014 | Комментарии (0)

Тишин барда таш чайна
Тишин жокто аш кайда 


Карынын козун капка сал 


Кары келсе ашка, жаш келсе ишке


Бодонону сойсо да касапчы сойсун 


Казанчынын оз эрки кайдан кулак чыгарса... 


Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун 


Байга тен ... Читать дальше »
Категория: Макал-Лакаптар | Просмотров: 2204 | Добавил: VIP | Дата: 19.03.2014 | Комментарии (0)