8
Главная » Кыргызча ырлар
1 2 »
Акыш менен сулайман
Акыш менен Сулайман,
Айтканын уккан калыстын.
Кектешип жүргөн немедей
Далай жерге барыштың.
Жаз кезден берки сөздү айтып
Жакалашып калыштың.
Арачылык кылууга
Айлыңда эмес, алысмын.
Чыкканың ал дээр байге жок,
Чырдашпай энди табышкын!

Туура көрдүм келинди.
«Көрөйүн» деп келиптир
Токтогул деген жөнүмдү.
Айтышканда, Сулайман
Жеңе албайсың келинди.
Чекчеңдей берб ... Читать дальше »
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 991 | Добавил: VIP | Дата: 19.03.2014 | Комментарии (0)

Колхоз жөнүндө
Калың элим жаңырып,
Колдо бары ортодо.
Уюмдашып биригип,
Каршы турду жолтого.
Эмгек кылды Ленин,
Элимдин ишин оңдоого.
Кедей, жарды, кембагал
Эми түштү оң жолго.
Баарысы каршы турушту
Элди жеген чоңдорго.
Каршылыкка катуу тур
Кайраттан, элим, кор болбо!
Катуу сокку ургула,
Кыянат бузук зорлорго.
Келди кедей заманы
Жоголду байлар тарабы.
Баш бербеген бай-манап ... Читать дальше »
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 720 | Добавил: VIP | Дата: 19.03.2014 | Комментарии (0)

Накыл
Актан бүткөн амирди,
Эч бир пенде биле албайт.
Жетесизге кеп айтсаң,
Мойнун бурап тил албайт.

Саратан кетпей тоң болбойт,
Назардан калган чоң болбойт.
Эл менен эрсиң азамат,
Элсиз ишиң  оң болбойт.

Кушту учурган пар болот,
Эрди учурган зар болот.
Жүкчүл төө нар болот.
Боло турган жигитте,
Намыс менен ар болот.

Атадан каргыш алгандар,
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 865 | Добавил: VIP | Дата: 19.03.2014 | Комментарии (0)

Жаман уул, жакшы уул
Жакшы болор уулуң
Он төртүндө октолот,
Он бешинде токтолот,
Жыйырмага чыкканда
Эшигинин алдына
Калдайган жыйын топ болот.

Жаман болор уулуң
Он төртүндө октолбойт,
Он бешинде токтолбойт,
Эшигинин алдында
Калдайган жыйын топ болбойт.

Боз карчыга боодо ойнойт,
Борумдуу жигит жоодо ойнойт,
Болуму жок көр жаман,
Энеси менен аш талашып төрдө ойнойт. ... Читать дальше »
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 945 | Добавил: VIP | Дата: 19.03.2014 | Комментарии (0)

Кыш айы
Келе жаткан биз жакка жолун аппак,
Келиштирип кийинген тонун аппак.
Келе берсин токочтуу берекелер,
Кебезге окшоп былбылдап колуң аппак.

Бөбөктөргө арнаган чанасы аппак.
Балпандатып ээрчиткен баласы аппак.

Бардык сулуу көздөрдү чакыргансыйт.
Бак аягы көз жеткис талаасы аппак.

Мезгилдерден мен сүйгөн ынагымсың,
Мен мен деп төш урган убагым чын.
Келген сайын ыр менен тоссом дагы,
Келе жатат түгөнбөй уламышым.
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 795 | Добавил: VIP | Дата: 14.03.2014 | Комментарии (0)

Cулуу тоолор
Кышта аппак кийинет,
Кыр-кырларда жүгүрөт.
Кызыгына белчеден,
Кийиктер кызык сүйүнөт.
Кыштын бели ноодадай,
Кыл курттай болуп ийилет.

Жазда жашыл жамынат,
Жашыл мончок тагынат.
Жашыл чачы сууларда,
Жалпы төмөн агылат.
Жан дүйнөсүн акындын,
Жана-жана сагынат.

Жайда кандай кийгенин,
Жаным курбан билбеймин.
Жанына барсам тоолордун,
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 1214 | Добавил: VIP | Дата: 14.03.2014 | Комментарии (0)

Ата-журт
Ата журт! сага дайым ынак болуп,
Ай күнүн турса болду чырак болуп.
Ар күнү ак береке ак токчулук,
Акса дейм, ар төшүңдөн булак болуп.
Ал эми эл кыйнаган тартыпгчылык
Арадан жоголсо экен жылас болуп.

Турсан болду бүпбүтүн мертинбестен,
Тургунуна жоготуу келтирбестен.
Коргой алам күч жетет, акыл жетет
Кумурсканды бей ажал өлтүрбөстөн.
Тилейт элем тик туруп аруу менен,
Турсан болду түн ичи силкинбестен.

Ээнбаш тырмак эт-бетинди чи ... Читать дальше »
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 1097 | Добавил: VIP | Дата: 14.03.2014 | Комментарии (0)

Кыргыз жамгыры
Башталсаң үйдөн чыгамын,
Бар үнүңдү угамын.
Басылганча алдында,
Балык болуп турамын.

Шыбырыңа жөлөнүп,
Шыбырыңа төңөлип.
Эргийт толкуп жүрөгүм,
Элегине эленип.

Үшүбөйт денем бир дагы,
Үлгүдөй сезем бир жагы.
Үлбүрөп турган короомдо,
Үлгүлүү өсөт гүл жаны.

Ар бир тамчың жыргатат,
Арасында сыр жатат.
Ашык кылган артисти, ... Читать дальше »
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 886 | Добавил: VIP | Дата: 14.03.2014 | Комментарии (0)

Кыргыз абасы
Демек көп жыл шайланып,
Дүнүйө жүзүн айланып.
Дем алып көрдүм байма-бай.
Дүн жибине байланып.

Кан-тамырым кысылып,
Каякадыр учуруп.
Адам болдум арандан,
Алдыма жагып ысырык.

Аман келдим жериме,
Ала-Тоолук элиме.
Кубарган өнүм кызарып,
Кубанып кыргыз тегине.

Абаны менчик жутканда,
Ал күч кирди буттарга.
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 806 | Добавил: VIP | Дата: 14.03.2014 | Комментарии (0)

Булбулдун ыры

Үнүмө ашык уккандар
Үндү уулап чыккандар.
Үйүн таштап чыгышат,
Үнүнө ашык куштарлар.

Үнүму угат жигиттер,
Үнүмө болуп үмүткөр.
Үнүмун таттуу экенин,
Угуттуу күкүк сүйүп көр.

Үнүмө чаңкайт акындар,
Үнүмү баалайт жакындар.
Үнүму үндөй улаган,
Улагалаш акын бар.

Бар куштар угуп үнүмү,
Бүтүндөй колдоп ириги.
Категория: Кыргызча ырлар | Просмотров: 983 | Добавил: VIP | Дата: 14.03.2014 | Комментарии (0)

1-10 11-13