8
Главная » 2016 » Декабрь » 15 » Эркек балдардын ысымдары (маанилери менен)
22:43
Эркек балдардын ысымдары (маанилери менен)

Абдулла - Кудайдын кулу.
Абдульфатах - Ачуучунун кулу.
Агзам - беделдүү, залкар.
Азат - эркин.
Акрам - асыл, нурлуу, жакшы мүнөздүү.
Али - бийик, көтөрүңкү.
Амин - ишенимдүү, чынчыл, коргоочу.
Амир - башкаруучу, буйрук берүүчү.
Бахир - көздүн жоосун алуучу, жаркылдоочу.
Башаар - жакшы кабарды жеткирүүчү.
Басыль - эр жүрөк.
Билаль - биринчи муэдзиндин (мусулмандарды дуба кылууга чакырган мечит кызматкери) ысымы.
Галиб – жеңүүчү.
Гаяз - жардамчы.
Гафур - кечирүүчү, боорукер.
Дамир - ынсап, акыл-эс дегенди түшүндүрөт.
Даниль - Кудайдын белеги, Кудайга жакын.
Жамиль - сулуу.
Жамал - төө сыяктуу чыдамкай, байымдуу.
Зайдулла - Аллахтын белеги.
Закир - Жаратканды эстөөчү, мактоочу.
Замир - ар-намыстуу адам.
Зиннур - жаркылдаган, нурлуу.
Зиннат - даңазалуу, кооздолгон, жакшы.
Забир - күчтүү, катуу, чыдамкай.
Замиль - дос, жолдош.
Зафар - жеңүүчү, максатына жетүүчү.
Зульфир - басымдуулук маани.
Ибрагим - Ибрахим пайгамбардын ысымы.
Идрис - аракетчил, тырышчаак.
Икрам - кадырлоо, урматтоо, сыйлоо.
Кадир - күчтүү, кудуреттүү.
Кари - окугуч, Куранды билүүчү.
Кафиль - кайтуучу.
Лябиб - акылдуу, тарбиялуу.
Мансур - жеңиштүү, жеңишке умтулгандык.
Махмуд - мактоого татырлык, кадырлуу.
Музаффар - эркек жеңүүчү-жоокер.
Муслим - Жаратканга баш ийүүчү.
Райян - бейиштин дарбазаларынын аталышы.
Рамиз - жакшылыктарды билдирген белги.
Рахман - боорукер, кечиримдүү.
Садык - чынчыл, ак ниеттүү.
Самат - жетекчи.
Саттар - кечиримдүү, коргоочу.
Сулейман - аманчылыкта жана жакшылыкта жашоочу.
Табрис - байлык, намыс, улуулук.
Фаиз - жеңүүчү.
Фаиль - жакшы белги берүүчү.
Фаяз - бай, кең пейил.
Халик - жандандыруучу, жарыктандыруучу.
Харун - өжөр, өзүнүкүн бербеген.
Шакир - бар нерсесине каниет кылган, ыраазы болгон.
Шамиль - ар тараптуу, баарына жетишкен адам.
Шукран - ыраазы болгон деген мааниде.
Ясин - Курандын 36-сүрөсүнүн аталышы.

Категория: Керектүү | Просмотров: 3184 | Добавил: Admin_site4510 | Теги: балага ат, балага ысым, балдардын аттары, жаны торолгон балага ысымдар, Мусулманча ысымдар | Рейтинг: 2.5/4
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }