8
Главная » 2014 » Март » 28 » Айтсам сөздүн жөн жөнүн
17:41
Айтсам сөздүн жөн жөнүн

Тоонун көркү таш болот,
Боло турган азамат
Он бешинде баш болот,
Эси кеткен бир жаман
Элүүндө жаш болот.
Баланы мээнет басса таз болот,
Жакшы жүрөт даң менен,
Жамандын өмүрү өтөт чаң менен,
Мергендин өмүрү өтөт аң менен.

Асыл жаның аманда
Ак калпак кийген жаанга,
Жигиттикке толгондо
Жүгөнү жок аттайсың.
Жүгүрүп айыл кыдырып,
Түнүндө үйдө жатпайсың,
Бекер басып оолугуп,
Өйдө төмөн каттайсың.
Кыздуу үйдүн эшигин
Кызыгып, кетпей таптайсың.
Кайран жаштык өткөндө,
Кербезденип баспайсың.
«Кеткен экен жаштык» деп
Көңүлүңдү ачпайсың.
Акыл ойлоп насыят
Айтсам сөздүн жөн-жөнүн:
Амал менен алдаса,
Арам ишке көнбөгүн,
Уурулук кыла көрбөгүн.
Ыймансыз болуп өлбөгүн,
Акылың болсо алып кал
Акындык иштин өрнөгүн.
Алтын башка өлүм ак
Анык го бир күн жөнөрүм.

Акыл айттым азыраак,
Аз да болсо тагыраак.
Адамдын болот адамы,
Арам иштен бол ыраак.
Акылмандан кеңеш ук,
Айланчыктап бол ынак.

Өткөн соң өмүр пайда жок,
Башыңды урба дубалга.
Аркаңда калат бир күнү,
Айдаган малга кубанба.
Пайдасын тийгиз байлыктын
Ага-ини тууганга!

Бозоргон дарак мөмөсүз,
Боздотот өлүм дабасыз.
Карайган дарак мөмөсүз,
Какшатат өлүм дабасыз
Кызыл алма базарда,
Эненин көзү өткөн соң
Кыз да болот азарда
Жашыл алма базарда,
Эненин көзү өткөн соң
Жаш бала болот азарда.

Босого бойлоп күн чыгат,
Муңдуу бир үйдөн үн чыгат,
Кереге бойлоп күн чыгат,
Кейиштүү үйдөн үн чыгат.

Кызылдан болсун чарбагың,
Кыйналбасын балдарың.
Карадан болсун чарбагың,
Кайгырбасын балдарың.
Өлүм бир деген өрт экен,
Өзөккө түшкөн дарт экен.
Кайгы деген катуу иш,
Бул өлүмдүн кайгысы –
Башка түшсө мүшкүл иш.
Көп өксүбө өлүмгө,
Жан болгон жерде өлүм бар,
Баары болот өмүрдө!

Категория: Акындар | Просмотров: 954 | Добавил: Admin_Site | Теги: Сөз, Айтайын | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }