8
Главная » 2014 » Март » 28 » Аккан суу (1)
12:15
Аккан суу (1)


Жер титиреп бүткөндө,
Көктөн иман толкуп түшкөндө.
Жылдыз көккө толгондо,
Дүнүйө пинаа болгондо.
Ай асмандан букканда,
Күн кызарьш чыкканда,
Адам-Ата, Обо-эне,
Оозунан чыккан лапеси,
Кудайга дайын болгондо,
Суу атасы Сулайман,
Жардам сурап кудайдан
Суу бергин деп муңайган.
Кудурети кудайдын,
Кубат берип түбөлүк,
Орун берди бу жайдан.
Ошондо он сегиз Ааламдан,
Коркуп чыккан аккан суу.
Жер жүзүнө чайпалып,
Толкуп чыккан аккан суу!..
Жети кабат Жер астын,
Жарып чыккан аккан суу.
Жер, Ааламдын баарысын,
Багып чыккан аккан суу.
Алты кабат Жер астын,
Атып чыккан аккан суу.
Адам-Ата, Обону,
Багып чыккан аккан суу.
Ала-Тоонун боорунан,
Жарып чыккан аккан суу.
Алтын канат жез куйрук,
Балык чыккан аккан суу.

Кара-Тоонун боорунан,
Жарып чыккан аккан суу.
Күмүш канат, жез куйрук,
Балык чыккан аккан суу.
Кара жердин астынан,
Жылып чыккан аккан суу.
Жаамы күнөө кылганды,
Билип жаткан аккан суу.

Кара таштан жаркырап,
Түшүп жаткан аккан суу.
Жан-жаныбар шимирип,
Ичип жаткан аккан суу.

Ак кыянын боорунан,
Канаат алган аккан суу.
Карып, мискин, бечера,
Даарат алган аккан суу.
Ылай, чопо, киринен,
Арылдырган аккан суу.
Ай тийгенде шооладай,
Жарык чыккан аккан суу.

Алып кетсе жетелеп,
Кете берген аккан суу.
Бөлгөн жерге токтобой,
Жете келген аккан суу.
Түбү жумшак, үстү бек,
Саздан чыккан аккан суу.
Тиктеген менен көз жетпес,
Таштан чыккан аккан суу.

Көк жалкаяк асканы,
Тешип чыккан аккан суу.
Көк торпулуу көк жарды,
Эшип чыккан аккан суу.
Нечен жерди аралап,
Кезип чыккан аккан суу,
Керектигин адамга,
Жандуу менен жансызга,
Сезип чыккан аккан суу!..

Зоодон сынбай бир жери,
Кулап түшкөн аккан суу.
Аяк, башын үзүлтпөй,
Улап түшкөн аккан суу.
Өзүн-өзү көбөйтүп,
Курап түшкөн аккан суу!..
Ташка тийип чачырап,
Быркыраган аккан суу.
Далай жерге токтобой,
Шыркыраган аккан суу.

Кууш жерге келгенде,
Күркүрөгөн аккан суу.
Үрөйүңдү учуруп,
Үн сүрөгөн аккан суу.
Барган сайын күч алып,
Дүркүрөгөн аккан суу!..
Жайык жерге барганда,
Жаркыраган аккан суу.
Алды эңкейиш жар келсе,
Аркыраган аккан суу.
Кулагыңды тундуруп,
Капчыгайды чуу кылып,
Шаркыраган аккан суу!
Коркок адам сүрүнөн,
Калтыраган аккан суу!

Сурап-сурап отурсаң,
Кайда болот аккан суу?
Башы туюк капчыгай,
Сайда болот аккан суу.
Издегенде табылбас,
Жайда болот аккан суу.
Тескейи бийик, терең сай,
Коодо болот аккан суу.
Ак асаба мелжиген,
Зоодо болот аккан суу.

Бетегеси кулпунган,
Төрдө болот аккан суу.
Жаратылыш жасаган,
Өрдө болот аккан суу.
Каз-өрдөгү калкыган,
Көлдө болот аккан суу.

Бопбоз болуп кор болгон,
Тамчы сууга зар болгон,
Элге келген аккан суу.
Мурда болуп көрбөгөн,
Жерге келген аккан суу.
Жер үстүндө жашаган,
Элге келген аккан суу.
Өз тулкусун жоготпой,
Бир тамчысын коротпой,
Кармап келген аккан суу.
Курмандыкка денесин,
Арнап келген аккан суу!

Аягы жок, колу жок,
Токтойм деген ою жок,
Жүрүп келген аккан суу.
Бара турган жерине,
Кире турган көрүнө,
Күлүп келген аккан суу.

Бир жагына көгөртүп,
Дарбыз кылган аккан суу.
Эч кимди шерик кылбастан,
Жалгыз кылган аккан суу.
Алабата, көк беде,
Жалбыз кылат аккан суу,
Аюу чачы, ак сокто,
Андыз кылат аккан суу!

Жүргөн жерин аңдатып,
Кыя кылат аккан суу.
Түлкү куурай, чытыры,
Мыя кылат аккан суу.

Тоого чыккан кемпир чач,
Дагы кылган аккан суу.
Жанузактай бир чөбүн,
Дары кылган аккан суу.
Сазык тана, шорону,
Сазык матар, согону,
Айтпасак болбойт ошону.

Тогуз төбө, тенге чөп,
Топчу куурай, ак кодол,
Төө куйрук, камгагын,
Төө таман, жер чайын.
Уу коргошун, сары куурай,
Улар пыяз, ак куурай,
Арпа менен ак буудай,
Жылтырканы, шыбагы,
Тегерек баш, уйтана,
Адырашман, ыкшары.
Чачыраткы, жөрмөгү,
Келиндердин өрмөгү.
Меңдубана, ажырык,
Уйтана, көдөө, мийбеги,
Ушунун баарын айтпасак,
Уккандар калар таарынып.
Кара кыяк, шибери,
Кызгалдагы, эрмени,
Кызыл от чыккан береги,
Көөдөк менен чийбеги,
Көйкөлгөн көк шибери,
Кымыздык, ышкын, балтыркан,
Кийик оту, калдыркан,
Айтып бери жылдырсам,
Аны кылган аккан суу!..

Үстүңө кийип жүрүшкө,
Кийим кылат аккан суу.
Өз өнөрүн билбестен,
Кыйын кылат аккан суу.
Чайга салып ичишке,
Нават кылат аккан суу.
Барган жерин кулпунтуп,
Абад кылат аккан суу.

Айтып жана кеткендей:
Чөп жаратат аккан суу.
Төрт-түлүктү семиртип,
Эт жаратат аккан суу.
Алма, жүзүм, алмурут,
Алча кылат аккан суу.
Четин, шилби, карагай,
Арча кылат аккан суу.
Биз билбеген дүйнөдөн,
Канча кылат аккан суу,
Ай жаныбар, аккан суу!..

Жердин үстүн тепсеген,
Малга келген аккан суу.
Ай, Ааламда жашаган,
Жанга келген аккан суу.
Арык казып төтөлөп,
Алып кетсе жетелеп,
Кете берген аккан суу.
Бурган жерден токтобой,
Чарчаганга окшобой,
Жете келген аккан суу.

Ак жектенин жеңине,
Кир койбогон аккан суу.
Көңүлүңдү калтырып,
Бир койбогон аккан суу!

– Ай, аккан суу, аккан суу,
Ай, Ааламды баккан суу.
Сыр-Дайрадан чоң туруп,
Сыр аякка баткан суу.

Жандын баарын баккан суу,
Жазда кирип, ташкан суу.
Тартынбастан баскан суу,
Тар арыктан ашкан суу.
Жабыркатпай жай, кышы,
Жандын баарын баккан суу!.

Агыны катуу болгон суу,
Ар өзөнгө толгон суу.
Жаз келгенде кирген суу,
Жандын баары сүйгөн суу.
Эки өркөчү баладай,
Төө келген аккан суу.
Аюу, каман, илбирси,
Чөө келген аккан суу.
Биз көрбөгөн жин-пери,
Дөө келген аккан суу!
Бөкөн менен элиги,
Бугу, марал, кийиги,
Дагы келген аккан суу,
Бали, ыракмат аккан суу!..

Аккуу, өрдөк, чүрөгү,
Анда болгон түнөгү.
Безбелдек менен ак чардак,
Кара кашка кашкалдак.
Чөкө таан, бөктөргө,
Четинен айтам көп элге.
Кызыл тумшук чар карга,
Кетишпей конот ак жарга.
Булбул куштун акыны,
Торгой жээн жакыны.
Сары жаман, күйкөсү,
Салпылдаган бакылы.
Канаттуунун жаамысы,
Күн көрүшкөн баарысы,
Булар сенсиз жашабайт,
Бали, ыракмат, аккан суу!..

Кара шибер көк майдан,
Саздуу болот аккан суу.
Аккан жери дайыма,
Эңиш болот аккан суу,
Ай чапчыган толкуну,
Эч билбеген коркууну,
Деңиз болгон аккан суу!..
– А, жаныбар, аккан суу,
Деңизиңде сойлогон,
Алышканын мойсогон,
Арыстан баштуу мурду шиш,
Канаты бар учканга,
Бул дүнүйө жалганды,
Кайраты бар жутканга.
Алтымыш кулач, беш баштуу,
Ажыдаарың дагы бар.
Жарык кылган түндөсү,
Кулагынын түбүндө,
Күйүп турган шамы бар.
Сырларың көп катылган,
Көк өгүздөй балыгың,
Көктү көздөй атылган.
Жаркыратып түн ичин,
Кайра сууга сайылган,
Балыктарың дагы бар!..
Тоодон аккан жеринен,
Жаралганда тегинен,
Тунук болгон аккан суу.
Тазалыгы жагынан,
Карап турсаң баарынан,
Улук болгон аккан суу.

Кемеринин ичине,
Алтын канат, жез куйрук,
Балык толгон аккан суу.
Керектиги Ааламга,
Анык болгон аккан суу!..
Алдына шайтан жуутпай,
Кууп турган аккан суу.
Ажал жетип өлгөнүн,
Ак кепиндеп, аруулап,
Жууп турган аккан суу!..

Арам менен адалды,
Ылгабайсың, аккан суу.
Бир адамдап жамандап,
Булгабайсың, аккан суу.

Жайы кышы барабар,
Саан алган аккан суу.
Асмандан булут кубулуп,
Жаан алган аккан суу.

Алты айчылык жол кетсе,
Арасынан үзүлбөй,
Созуласың аккан суу.
Алтымыш бөлөк баш жагың,
Аягың келип бир жерден,
Кошуласың аккан суу!

Дыйкан-чарба адамды,
Бүт тындырып мудааңды,
Жабыркатпай баккан суу.
Кызматы менен кишиге,
Мына ушундай жаккан суу!..

Челек менен көтөрсө,
Түгөнөм деп шашпаган.
Тиктеп туруп байкасак,
Калыбынан жазбаган,
Кандай молсуң, аккан суу!

Тоо боорунан оргуштап,
Булак болгон аккан суу.
Катын менен балага,
Ынак болгон аккан суу.

Жоодураган ботогөз,
Моймолжуган ширин сөз,
Күмүш үндүү күн жүздүү,
Жан эриткен бал тилдүү,
Шыбырашып сүйлөшүп,
Бирин-бири жүр дешип,
Аста күлүп шыңк этип,
Алтындан иймек сөйкөсү,
Кулагында жылт этип.
Муну көргөн жигиттин,
Эт жүрөгү зырп этип,
Эки челек көтөрүп,
Күймөнсө атыр жыттанган,
Көркүнө киши суктанган.

Кыраңда гүлдөй бөлүнгөн,
Кирпиктери төгүлгөн,
Кош-коштоп чачы өрүлгөн,
Кундуз бөрк кийген башына,
Көлдөгү куудай көрүнгөн,
Кыздар келген, аккан суу!..

Ай тамагын кылайтып,
Ак көйнөгүн булайтып,
Ак элечек кайкайтып,
Ак маралдай маңкайып,
Аста басып жөнөсө,
Асмандан түшкөн жел кайып.
Күлкүсү күмүш үндөнгөн,
Сүйлөөдөн жигит сүрдөнгөн.
Ачылган кызыл гүлдөнгөн,
Абыдан кооз түрдөнгөн.
«Секетпай» деп ыр айтып,
Секин сууга сыр айтып.
Жанаша басып кыналып,
Жадабай күндө суу алып.
Карыяны көргөндө,
Каада сактап уялып.
Өңүн суудан каранып,
Тотукуштай таранып,
Келиндер келген аккан суу!..

Булактын башын болжошуп,
Муңайып күтүп, жол тосуп.
Жашчылык менен каңгышып,
Жаныман булак аңдышып.
Чылбырдан атын кармашып,
Чын перидей сулууга,
Чын дилден сөзүн арнашып.
Чыңыртып күлүк минишип,
Чийбаркыт тандап кийишип,
Чымчылашып тийишип,
Далбас уруп жаштыкта,
(Алдастаткан адамды,
Арагы жок мастык да).
Бир көз салып калууга,
Ынактыгын билгизип,
Учуру келсе айтууга.
Жеңесин салып ортого,
Желдирип эрте кайтууга.
Жашчылык иштин айынан,
Башын да сайып тартууга.
Булактан көзү өтүшүп,
Жигиттер келген аккан суу!..

Белдемчисин байланып,
Балдарына айланып,
Бирин жонго көтөрүп,
Бирин алган ээрчитип.
Бирин жүргөн телчитип.
Секин басып чайпалып,
Отурганда «белим» деп,
Чоочуганда «эрим» деп,
Карылык мени жеди деп,
Жаңы келген жылдары,
Буралган келин кезим деп.
Кайдагыны козготкон,
Карылык сенин кезиң деп.
Кемпирлер келген аккан суу!.

Ак сакалын жайкалтып,
Аста сүйлөп, нарк айтып,
Жолдун ташын теришип,
Булак оңдоп беришип,
Жигит чагын эстешип,
Өткөн экен убак деп,
Кеткен экен курак деп,
Атаңдын көрү дүнүйө,
Өзгөрүлбөй турат деп,
Санжыра, кебин чуурутуп,
Чалдар келген аккан суу!..

Божурашып сүйлөшүп,
Бир күндө он беш суу кечип.
Суу боюна барышып,
Балтыркандан кесишип,
Суу мылтык жасап алышып,
Бирин-бири атышып,
Бир кумардан канышып,
Ит балдакты тебишип,
Мен кыйын деп жарышып,
Балдар келген аккан суу!..

Ай туяктан арнашып,
Ак боз бээ союшуп,
Ак кымызга тоюшуп.
Көпкө арча чыдайт деп,
Каржыгачка коюшуп.
Карагай кесип кынашып,
Карылар менен сынашып.
Чеңгек менен бекитип,
Чечилип сырга келишип.
Суу кечпей малы өтсүн деп,
Семирип тез кетсин деп.
Эл катташып оңсун деп,
Эбин таап жасаарга,
Эпчил уста болсун деп.
Эптеп салып көпүрө,
Элдер келген аккан суу!..

– А, жаныбар, аккан суу,
Таң кашкайып сүргөндө,
Булутту шамал түргөндө,
Катуулап суу киргенде,
Тараза жылдыз бөлүнүп,
Тоо, таштын баары көрүнүп.
Сүрүлүп жылдыз качканда,
Сары Чолпон жылдыз батканда,
Өзөндөн ак шамал жүрүп ыркырап,
Суудан, кара буу чыгып буркурап,
Асмандын, жылдызы качып дыркырап.
Токойдо гүлдөр гүлбурап,
Бутакта булбул ыр курап,
Шыбакта торгой чулдурап.
Жылгадан алты миң булак шылдырап,
Жарашкансың, аккан суу!..

Категория: Элдик ырлар | Просмотров: 1312 | Добавил: Admin_Site | Теги: Кыргыз эл ырлары, Аккан суу | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }