8
Главная » 2014 » Октябрь » 04

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри кылып Мелис Турганбаевди дайындады. Мындай жарлыкка кол коюлганын өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Турганбаевди министрликтин жамааты менен бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев тааныштырды. Жыйын жүрүшүндө өкмөт башчы жаңы министрдин негизги милдети Ички иштер министрлигин реформалоо экенин эскертип, ай сайын бул жаатта коомчулукка маалымат берип турууга милдеттендирди. Буга чейин Турганбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш депутаттары жактырган эле. Ал парламентте сүйлөп жатып, министрликтин кадыр-баркын көтөрүүгө, уюшкан кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүүгө убада берген. Кошумча маалымат: Мелис Турганбаев буга чейин Бишкек шаардык милициясын жетектеп келген. 16-сентябрда министр Абдылда Суранчиев өз арызы менен кызматтан кеткен. Булак: Азаттык

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 694 | Дата: 04.10.2014 | Комментарии (0)

$IMAGE1$Түркия парламенти Ирак жана Сириянын аймагындагы өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган согушкерлерге каршы күрөшүүгө түрк армиясын киргизүү демилгесин колдоду. Түркия өзүнү "Ислам мамлекети" деп атаган согушкерлерге каршы күрөшүүнү көздөйт. Анкени согушкерлер 46 түрк жаранын барымтага алганын жүйөө келтирүүдө. Бирок, барымтага алынгандар кайра бошотулган болчу. Анткен менен Түркия өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган согушкерлердин жооп кайтарышынан жана согушкерлердин катарындагы күрддөргө жардам берүүдөн чоочулап турат. Ассошиэйтед пресс агенттигинин “Түркия эми кандай кадамга барат?” деген суроосуна Түркиянын коргоо министри Исмет Йылмаз “Биз тараптан тезинен реакция болот деп күтпөгүлө” – деп жооп берди. Сирия менен Түркиянын чек арасынын узундугу 900 чакырым, чек ара аймактары эки мамлекет үчүн да кооптуу.  BBC

 

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 755 | Дата: 04.10.2014 | Комментарии (0)