8
Главная » 2014 » Октябрь » 07
Режиссёр Садык Шер-Нияз тарткан "Курманжан датка" тасмасы дүйнөлүк "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу америкалык "Variety" журналы кечээ, 6-октябрда жазып чыкты. Тасма "Мыкты чет элдик тасма" категориясы боюнча көрсөтүлгөн. Аталган категория боюнча Кытайдан "Булбул" жана Франциядан "Көпөлөк" фильмдери да көрсөтүлгөн. Тизмеде негизинен жети фильм көрсөтүлөт. Акыркы такталган тизме 2015-жылдын 15-январында белгилүү болот. Эске салсак, тасма мамлекеттин эсебинен каржыланып, ага 3 жылга жакын убакыт кеткен. Ош, Алай, Жети-Өгүз, Талас жана Көк-Мойнок аттуу жайларда тартылган фильмде жалпысынан 700дөн ашык киши катышкан. Ал эми америкалык киноакадемиянын ... Толугу менен окуу »
Категория: Кыргызстан | Просмотров: 836 | Дата: 07.10.2014 | Комментарии (0)

Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 7-октябрда туулган күнүн Сибирден белгилейт. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков, орусиялык журналисттерге билдирди. Президент туулган күнүндө эмне менен алектенери тууралуу суроого Песков “Сибирь тайгасында эс алат, кимдер менен чогуу болорун билбейм. Бул күнгө эч кандай расмий же жумуштук жолугушуулар пландалган эмес” деп жооп берди. Орусия лидеринин иш тартиби быйыл өтө оор болгонун кошумчалайт басма сөз катчы. “Мурунку жылы анын туулган күнү ар кандай жумуштук жолугушуулар менен болгон. Быйыл Путиндин жумушу өтө оор болду. Күнү-түнү иштеп, көп иш сапарларда болду”,- дейт ал. Песковдун айтымында, президент өздүк майрамын ... Толугу менен окуу »

Категория: Дүйнө | Просмотров: 694 | Дата: 07.10.2014 | Комментарии (0)

Президент Барак Обама АКШда Эбола вирусунун жайылуу коркунучу аз деп айтты. “Ага карабастан АКШнын эропортторунда кошумча текшерүү иштери жүрүүдө. Анткен менен эл аралык коомчулук Эбола вирусуна каршы толук кандуу күрөшпөй жатат”, - дейт Обама. Буга чейин америкалык телеоператор вирус жуктуруп алып, Либериядан Америкага жеткирилгени кабарланган эле. Мындан башка либериялык Томас Данкан Техаска келгенде кийин Эбола илдетине чалдыкканы билинген. Анын абалы азырынча жакшы эмес. Буга чейин АКШнын президенти Барак Обама Батыш Африкадагы Эбола дартынын күчөп жайылышын "глобалдык коопсуздукка коркунуч" деп билдирген эле. Атлантадагы инфекциялык оорулардын алдын алуу жана анын жайылышына көзөмөл кылуу борборунда сүйлөгөн сөзүндө Обама Эбола дарты көзөмөлдөн чыгып баратканын, эгер аны токтотпосо, аны менен ооругандар жүз миңдеген санга жетиши мүмкүн экенин баса белгилеген болчу.

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 702 | Дата: 07.10.2014 | Комментарии (0)