8
Главная » 2014 » Октябрь » 4 » Мелис Турганбаев ички иштер министри болуп дайындалды
11:38
Мелис Турганбаев ички иштер министри болуп дайындалды

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри кылып Мелис Турганбаевди дайындады. Мындай жарлыкка кол коюлганын өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Турганбаевди министрликтин жамааты менен бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев тааныштырды. Жыйын жүрүшүндө өкмөт башчы жаңы министрдин негизги милдети Ички иштер министрлигин реформалоо экенин эскертип, ай сайын бул жаатта коомчулукка маалымат берип турууга милдеттендирди. Буга чейин Турганбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш депутаттары жактырган эле. Ал парламентте сүйлөп жатып, министрликтин кадыр-баркын көтөрүүгө, уюшкан кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүүгө убада берген. Кошумча маалымат: Мелис Турганбаев буга чейин Бишкек шаардык милициясын жетектеп келген. 16-сентябрда министр Абдылда Суранчиев өз арызы менен кызматтан кеткен. Булак: Азаттык

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 694 | Добавил: VIP | Теги: Ички иштер министри, мелис турганбаев | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }