8
Главная » 2014 » Октябрь » 4 » Түркия "Ислам мамлекетине" каршы күрөшөт
11:26
Түркия "Ислам мамлекетине" каршы күрөшөт

$IMAGE1$Түркия парламенти Ирак жана Сириянын аймагындагы өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган согушкерлерге каршы күрөшүүгө түрк армиясын киргизүү демилгесин колдоду. Түркия өзүнү "Ислам мамлекети" деп атаган согушкерлерге каршы күрөшүүнү көздөйт. Анкени согушкерлер 46 түрк жаранын барымтага алганын жүйөө келтирүүдө. Бирок, барымтага алынгандар кайра бошотулган болчу. Анткен менен Түркия өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган согушкерлердин жооп кайтарышынан жана согушкерлердин катарындагы күрддөргө жардам берүүдөн чоочулап турат. Ассошиэйтед пресс агенттигинин “Түркия эми кандай кадамга барат?” деген суроосуна Түркиянын коргоо министри Исмет Йылмаз “Биз тараптан тезинен реакция болот деп күтпөгүлө” – деп жооп берди. Сирия менен Түркиянын чек арасынын узундугу 900 чакырым, чек ара аймактары эки мамлекет үчүн да кооптуу.  BBC

 

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 753 | Добавил: VIP | Теги: ислам мамлекети, жанылыктар, туркия | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }