8
Главная » 2015 » Июнь » 08

 ӨКМ 9-июндан 11-июнга чейин өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болоорун эскертет.  Мезгил-мезгили менен нөшөрлөп жаан жаап, аба-ырайы өзгөрүп турат. Ошондой эле бийик тоолуу аймактарда кар түшүүсү ыктымал. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.

9-июндан баштап абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +20…+25 градус, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +13…+18°, бийик тоолуу райондордо абанын температурасы —2 градустан +3 градуска чейин жылуу болот.

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 728 | Дата: 08.06.2015 | Комментарии (0)

Бишкек шаарында газ менен жүрө турган автобустар пайда болот. Мындай маалыматты өкмөт башчы Темир Сариев шаардын жолдорун оңдоп-түзөө иштерин текшерүү учурунда билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, экологияга да терс таасир тийгизбейт жана автобустар коомдук унаа маселесин чечет. Сариев андан сырткары борбор калаада пайда болгон унаа тыгындарды тез арада чечүү керектигин айтты. Бул үчүн шаардык муниципалитет атайын программа иштеп чыгып, шаардын борборунда жүрүүчү микроавтобустар газ менен иштеген ичи кенен автобустарга алмаштырылып, жол акынын арзан болушу күтүлүп жатканын кошумчалады.
Категория: Кыргызстан | Просмотров: 641 | Дата: 08.06.2015 | Комментарии (0)

Бүгүн, 8-майда саат 10:50дө Кыргызстандын аймагында күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталганын, Казакстан илим-билим министрлигинин сейсмологиялык тажрыйба-усулдук экспедициясы маалымдайт. Ал эми КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө бүгүн саат 10:50дө катталып, очогу 4,5 баллга жеткен. Жер титирөөнүн күчү Токтогул шаарчасында 4 баллга, Кара-Көл шаарында жана Кара-Сакал айылдарында 3,5 баллга, Үч-Терек айылында 3 баллга жана Торкен айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Кошумча: Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Категория: Кыргызстан | Просмотров: 617 | Дата: 08.06.2015 | Комментарии (0)