8
Главная » 2015 » Июнь » 8 » Бишкекте газ менен жүрүүчү автобустар иштейт
16:23
Бишкекте газ менен жүрүүчү автобустар иштейт
Бишкек шаарында газ менен жүрө турган автобустар пайда болот. Мындай маалыматты өкмөт башчы Темир Сариев шаардын жолдорун оңдоп-түзөө иштерин текшерүү учурунда билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, экологияга да терс таасир тийгизбейт жана автобустар коомдук унаа маселесин чечет. Сариев андан сырткары борбор калаада пайда болгон унаа тыгындарды тез арада чечүү керектигин айтты. Бул үчүн шаардык муниципалитет атайын программа иштеп чыгып, шаардын борборунда жүрүүчү микроавтобустар газ менен иштеген ичи кенен автобустарга алмаштырылып, жол акынын арзан болушу күтүлүп жатканын кошумчалады.
Категория: Кыргызстан | Просмотров: 642 | Добавил: VIP | Теги: газ, менен., Автобус | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }