8
Главная » 2015 » Июнь » 8 » ӨКМ: Шашылыш билдирүү
16:28
ӨКМ: Шашылыш билдирүү

 ӨКМ 9-июндан 11-июнга чейин өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болоорун эскертет.  Мезгил-мезгили менен нөшөрлөп жаан жаап, аба-ырайы өзгөрүп турат. Ошондой эле бийик тоолуу аймактарда кар түшүүсү ыктымал. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.

9-июндан баштап абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында +20…+25 градус, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында +13…+18°, бийик тоолуу райондордо абанын температурасы —2 градустан +3 градуска чейин жылуу болот.

Категория: Кыргызстан | Просмотров: 728 | Добавил: VIP | Теги: погода, Бишкек, Кыргызстан, Ош, Аба ырайы | Рейтинг: 0.0/0
Всего комментариев: 0
ode { border:0px; border-right:1px solid #ccc; }