22:12 Ат Чабыш |
Ат чабыш - байыркы замандан бери эле кыргыздын эн кызыктуу оюндарынын бири. Кыргыз эли торттулук мал кутууну кесип кылып келген. Алардын ичинен жылкы озгочо орунду ээлейт. Кыргыз турмушунда жылкы минсе - ат, жук артса - унаа, сааса саан болуп кызмат кылган, сойсо чуйгун эт болгон. Жылкынын жорголору, кулуктору ото жогору бааланып, аларды байгеге кошушкан. Кыз узатып, уул уйлонткондо, тай-аш бергенде ат чабышып, тогуздап байге сайылган. Саяпкерлер чабыла турган аттарды бир-эки ай кермеге байлап, азыраак жем-чоп берип, анда-санда тердетип, тан ашырып таптаган. Чабыла турган кулуктордун кокулдору тушурулуп, куйруктары туйулгон. Кулукторду 8-14 жаштагы чыйрак балдар чабышкан. Ат чапчу балдардын башына кызыл жоолук байлап, тердеген аттан жуккан чанды суртуу учун колуна ак чупурок карматышкан.
|
|
Всего комментариев: 0 | |